"Поедем! Поедим!" кулинардык шоусу Кыргызстан тууралуу берүүсүн жарыялады

Жазылуу
Өткөн айда "Поедем! Поедим!" деп аталган белгилүү кулинардык теледолбоордун алып баруучусу Жон Уоррен Ала-Тоого келип, Кыргызстан тууралуу тартып кеткен.

Ал берүү НТВ телеканалы аркылуу көрсөтүлүп, YouTube тармагына да жарыяланды.

"Жон Уоррен койлор, жылкылар жайылган тоого барып бүркүттү колуна кондуруп бийлеп, жумуртка сымал конок үйдө түнөп, көлдө катер башкарганды үйрөнүп, ашлян-фу жеп көрдү. Ошондой эле ал "Манас" эпосунан үзүндү угуп жана башка бир топ кызыктарга күбө болуп кайтты", — деп жазылган видеонун астына.

YouTube тармагына жарыяланган видеодо көптөгөн колдонуучулар Кыргызстан ажайып кооз жана таасирдүү өлкө экенин жазышкан. Айрымдары тоолуу республикага арбалып калганын моюндаган. "Поедем! Поедим!" Кыргызстанды буга чейин келген "Орёл и решка" трэвел-шоусуна караганда жакшы чагылдырыптыр" дегендер болду.

Жон Уоррендин Кыргызстанга келгени эфирге чейин эле белгилүү болгон. Британиялык саякатчы социалдык тармактарга сүрөт, видео жарыялап турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0