Орокто чыккан жаңжалда жыйылган чөп өрттөлдү

Жазылуу
Орок айылында жаштар арасында чыккан мушташтан улам үйүлгөн чөп өрттөлдү. Кабарчыбыз окуянын видеосун жеринен тартып алган.

Мушташ чыккан айылга Сокулук районунун милиционерлери менен Бишкек ШИИБдин кызматкерлери тартылган. Андан сырткары, Чүй ОИИБдин жетекчилиги менен ички иштер министринин орун басары да жүрөт.

Бычак кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто 18-20 жаштагы кыздар чатакташып, үчөө бычакталды
Милиция кызматкерлеринин айтымында, айылда айт намазынан кийин жигиттер мушташа кетип, 10дой киши кармалган. Укук коргоо органдары учурда абалды жөнгө салууга аракет кылып жатат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, мушташтан жабыркаган эки бала Бишкектеги №3 балдардын клиникалык ооруканасына алынып келген. Бирөөсү кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Тийиштүү кызматтар чуу эмнеден улам чыкканын жеринде иликтеп, тактаганга аракет кылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0