Шевченко тиш кайраган атаандашына муштумун түйдү. Көз караштар таймашы видеодо

5190
(жаңыланган 10:45 07.06.2019)
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен америкалык спортчу Жессика Ай жекшемби күнү жолуга турчу UFC 238 турниринин алкагында көз караштар таймашын өткөрдү.

Мушкерлердин видеосу UFC уюмунун YouTube каналына жүктөлгөн.

Кадрлардан Шевченконун атаандашына муштумун түйүп олуттуу тиктегенин, Ай ага тиш кайрап бир нерсе деп сүйлөгөнүн көрүүгө болот. Бирок эмне деп айтканы видеодон айкын угулбай калган. Кыргызстандык спортчу анын кылыгына мыйыгынан жылмайып койгон.

Мушкер Шевченко чемпиондук наамын 9-июнга караган түнү АКШнын Чикаго шаарында коргойт. Эки мушкер кыздын беттеши UFC 231 турниринин башкы беттештеринин бири болмокчу.

Андан сырткары, турнирдин башкы беттешинде жеңил салмактагы Генри Сехудо бразилиялык Марлон Мораес менен күч сынашат.

Белгилей кетсек, 2018-жылы 9-декабрда Валентина Шевченко жеңил салмак боюнча UFC уюмунун чемпиону титулуна польшалык Жоанна Енджейчикти утуп ээ болгон. Ошол эле маалда Жессика Ай каршылашы Катлин Чукагянды жеңген болчу.

5190
Белгилер:
видео, мушкер, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
UFC Шевченконун проморолигин жарыялап, ага Кыргызстандагы кадрлар кошулду

Бир айдан бери түтөп жатат! Бишкекте карьердеги өрт кантип өчүрүлүүдө. Видео

50
Дээрлик бир айдан бери калаанын түштүк тарабындагы быкшыган карьер өчүрүлбөй жатат. Күйүктүн жыты шаардын түштүк тарабын каптоодо. Sputnik Кыргызстандын кабарчылары жерине барып, шаар бийлиги көйгөйдү кантип чечип жатканын көрүп келди.

Бул көйгөйдү биринчилерден болуп шаар тургундары айтып чыкты. Алардын бири Михаил Дудиндин билдиргенине караганда, сасык жыттан улам айнекти ачып уктоого мүмкүн болбой калган.

"Түн ортосунда киши чыдагыс жыттан улам ойгондум. Ошондон кийин бир нече күн айнектерди ачкан жокпуз. Өрт өчүрүүчүлөр келип, суу чачып кетишет. Бирок бир нече саттан кийин таштанды кайра күйө баштайт", — деди Бишкек тургуну.

Баса, карьер көптөн бери иштетилбей калган. 1990-жылдардын аягында бул жерден топурак алышчу. Кийин, шаардыктардын айтымында, карьерге кайрадан топурак төгүлчү, ал эми өткөн жылдын жайынан бери таштанды ыргытылып жатат. 2020-жылдын жазынан тарта таштандыларды тобу менен алып келип төгө башташкан.

Караңгыдагы алоолонгон жалын. Бишкектеги өрттүн асмандан тартылган видеосу

Отту өчүрүү үчүн кескин чаралар көрүлө баштаганын Октябрь районунун акиминин орун басары Таалайбек Акматбаев айтат.

"Азыр жеринде бульдозер иштеп, таштандыларды көтөрүп жатат. Биз анын алдындагы оттун тутанган жерин табышыбыз керек", — деди ал.

Орун басардын айтымында, жергиликтүү бийлик органдары таштанды ыргыткан адамдарга бир нече жолу айып пул салышкан. Бирок шаардыктар көнгөн адатын токтотушкан эмес.

50
Белгилер:
өрт, таштанды, карьера, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин 11-кичи районундагы быкшыган түтүн токтой элек. Видео

"Данияр, сен чынчыл адам экенсиң". Лукашенко менен Үсөновдун жолуккан видеосу

2593
(жаңыланган 13:38 12.08.2020)
10-августта Беларусь президенти Александр Лукашенко агро өнөр жай комплексинин долбоору менен таанышты. Долбоор тууралуу ага Даниил Урицкий айтып берген. Жолугушууга Кыргызстандын ТИМи реакция кылды.

Беларустун президенти Александр Лукашенко Минск облусуна барып, жогорку технологиялык агро өнөр жай толук циклдүү өндүрүшүнүн инвестициялык долбоору менен таанышты. Аны Даниил Урицкий (Данияр Үсөнов азыр өзүн ушинтип атап жүрөт) жетектеген "Беларусь улуттук биотехнологиялык корпорация" жабык акционердик коому ишке ашырууда. Бул боюнча СТВ сюжет даярдаган.

Долбоор тууралуу айтып берип жаткан Урицкий алардын баасы дүйнөлүк нарктан жогору экенин айтып, "биздин дыйкандын эмгеги татыктуу бааланышы керек" деген.

Данияр Үсөнов менен Лукашенконун сүрөтү. Бишкекте ТИМ Беларусь элчисин чакыртты

Андан соң Лукашенко колун Урицкийдин ийинине коюп: "Саясат бул жерде, Данияр, бирөө гана болушу керек, ал адамдар. Мен сенин принципиалдуу, чынчыл адам экениңди, белорустарды таарынтпай турарыңды көрүп турам, анткени алар эмгекчилдик жагынан кыргыздарга окшош", - деп айтканын көрүүгө болот.

Бул жолугушуунун сүрөттөрү 10-августта эле тарап, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларусь Республикасынын элчилигинин өкүлүн чакырган. Анда кыргыз тарап КРдин мурунку премьер-министри, соттолуп издөөдө жүргөн Данияр Үсөновдун ээн-эркин жүрүшү боюнча түшүндүрмө талап кылган. 

Мужчина, похожий на беглого премьер-министра КР Данияра Усенова, который сегодня именует себя Даниилом Урицким с президентом Беларуси Александром Лукашенко на встрече в Минской области
Өзүн Даниил Урицкий деп атаган качкын өкмөт башчы Данияр Үсөновго окшош кишинин Беларустун президенти Александр Лукашенко менен түшкөн сүрөтү

Курманбек Бакиевдин тушундагы акыркы өкмөт башчы кызматынан Апрель революциясынан кийин кол жууган. Үсөнөвдун өкмөтү болгону 3,5 ай иштеди. Ал апрель окуясы боюнча сыртынан соттолуп, учурда Даниил Урицкий болуп Беларуста жашайт.

2593
Белгилер:
жолугушуу, Сүрөт, Тышкы иштер министрлиги, Александр Лукашенко, Даниил Урицкий, Данияр Үсөнов
Тема боюнча
Жээнбеков Лукашенкону кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады
Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт
Бензовоздун жарылуусунун кесепети. Иллюстративдик сүрөт

Бишкек Ош жолунда эки бензовоз өрттөнүп, бир киши каза болду. Видео

0
(жаңыланган 19:10 12.08.2020)
Кырсыктын бири Чычкан капчыгайында болсо, экинчи автоунаа Ала-Белде оодарылып кетти. Жыйынтыгында бир киши көз жумду.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Бүгүн Бишкек — Ош автожолунда эки бензовоз кырсыктап, өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Окуя болгон жерде тартылган видеолор "Короче" Тelegram-каналына жүктөлдү.

Биринчи окуя Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында катталды. Бишкек — Ош унаа жолунун 239-чакырымында күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаанын прицеп-цистернасынан өрт чыккан.

"Өрттү өчүрүүгө саат 12:19да Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу кызматынан бир бөлүм тартылган. Бирок от куураган чөпкө өтүп кеткендигине байланыштуу кошумча 24 куткаруучу, Токой чарбачылыгынан тогуз кызматкер тартылган. Унаалардын өтүүсү жол инспекторлору тарабынан көзөмөлдөнүүдө", — дешти ӨКМден.

Экинчи кырсык Ала-Белде болгон. Саат канчада жана кандай жагдайда болгону такталып жатат. Азырынча өрттөнгөн автоунаанын ичинде бир адам каза болгону белгилүү.

0
Белгилер:
ӨКМ, автоунаа, өрт, Жалал-Абад, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкекте кафеден өрт чыкты. Видео
Эс алам деп... Хакасиядагы жол кырсыгында кыргызстандык жигиттер каза болду