Эки келини тең төрөттөн каза болгон Айымбүбү апа: төрт неберем менин колумда

Жазылуу
Жашы 67ге таяп калган Айымбүбү Сабырова төрт небересин жалгыз карайт. Бүкчүйүп араң баскан кемпирдин жети жыл мурун биринчи келини, бир жыл мурун экинчи келини каза болуп калган. Экөө тең төрөттөн көз жумган.

Башынан оңой эмес сыноону өткөргөн Айымбүбү Сабырова менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сүйлөшүп келди.

Айымбүбү апа уулу жана неберелери менен Бишкектин жаңы конушунда эки бөлмөлүү батирде турат экен. Биз барган учурда неберелерин таякелери алып кетиптир.

— Балдарыңыз үйдө жокпу?

— Каникулга тарашкан. Үчөөнү таякеси ойнотуп келейин деп бүгүн эле алып кетти, кичинекейди болсо азыр мага кол кабыш кылып таенеси багышып жатат. 

© Фото / Таалайгуль УсенбаеваЖашы 67ге таяп калган Айымбүбү Сабырова төрт небересин жалгыз карайт
Эки келини тең төрөттөн каза болгон Айымбүбү апа: төрт неберем менин колумда - Sputnik Кыргызстан
Жашы 67ге таяп калган Айымбүбү Сабырова төрт небересин жалгыз карайт

— Кичүүсү канча жашта?

— Жети ай болду. Ушу баласын төрөйм деп апасы операциядан каза болуп калбадыбы.

— Эки келиниңиз тең төрөттөн кийин көз жумган деп уктук...

Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аман-эсен көз жаруу үчүн эмне кылуу зарыл? Гинекологдун маеги
— Ооба. Улуу балам 2005-жылы үйлөнүп, келиним үчүнчү уулун 2012-жылы төрөгөндөн беш күндөн кийин каза болуп калды. Башынан операция болгон, ошондон ичине кан уюп калыптыр. Ага чейин Жумгалда кичүү балам менен турчумун. Келинимдин көзү өткөндө балдарыма карап Бишкекке келгем. Кичинекейди жаңы төрөлгөндөн тарта өзүм чоңойттум. Азыр ал 7ге чыгып калды. Улуусу 6-класс, экинчиси 5-класста окушат.

Убакыт өтүп баратканынан уулума "балдар чоңоюп кете электе үйүр алып калышсын" деп жатып үйлөнткөнбүз. Экинчи келиним да оор басырыктуу, жакшы адам эле. Балдар да ага бат эле көнүп кетишти. Жүрөгүм бир аз да болсо ылдыйлап, санаам тынчып калган...

Бирок уулумдун экинчи келинчеги операция жолу менен төрөп, эки күндөн кийин бала аман калып, өзү каза болуп калды.

— Дарыгерлер себебин айтыштыбы?

— Бул келиним бөөдө жерден, дарыгерлердин шалаакылыгынан эле көз жумду. Операция кылып жатып ичегисине бычак тийгизип алышкан окшойт, ириңдеп кетиптир деп айтышкан. Эки күн ары-бери сүйрөп жүрүп, үчүнчү күнү өзүнө келбей бул дүйнө менен кош айтышты.

...Байкуш неберелерим апаларын көрбөй калышты (үшкүрүнүп). Операция кылган дарыгерлерди сотко бердик, бирок өлгөн кишини кайра алып келе албайт экенсиң, балдарым менен ыйлап кала бердим. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАйымбүбү апа уулу жана неберелери менен Бишкектин жаңы конушунда эки бөлмөлүү батирде турат
Эки келини тең төрөттөн каза болгон Айымбүбү апа: төрт неберем менин колумда - Sputnik Кыргызстан
Айымбүбү апа уулу жана неберелери менен Бишкектин жаңы конушунда эки бөлмөлүү батирде турат

— Бул небереңизди да өзүңүз бактыңызбы?

— Ооба, бирок таенеси анда-санда алып кетип каралашып турат. Бүгүн да таенеси алып кеткен. Кыйналганыма карабай төрт бир тууган бир үйдө чоңойсо деп ойлогон элек, бирок кээде карылык да, кыйналып кетем.

— Балдардын атасы иштейби?

Руководитель общественного объединения Иссык-Кульской области Равенство Гульмира Казакунова - Sputnik Кыргызстан
Казакунова: кош бойлуу кезимде бутум баспай, наристемди көрбөй калдым...
— Курулушта иштечү. Экинчи аялы көз жумгандан кийин абалы начарлап кетти. Дарыгерлерге көрсөтсөк, кант диабети деген диагноз коюшту. Бул диагноз менен оор жумушта иштеген болбойт экен. Азыр уулум кичине өзүнө келип, акырындан иштеп жатат. Балдарды алып Жумгалга деле кетип калайын дейм, бирок уулум "айылга барбай эле бул жактан эптеп оокат кылам" деп жатат. Анын үстүнө эки үйдүн балдары бир үйгө батпайт да. Элден деле жардам сурагандан тартындык, бирок балам да ооруп калганда аргасыздан кайрымдуулук фонддорго барганбыз. Кыздарым деле бар, бирок алар турмушка чыккан, өздөрү менен өздөрү. 
© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваСабырова: келиним үчүнчү уулун 2012-жылы төрөгөндөн беш күндөн кийин каза болуп калды
Эки келини тең төрөттөн каза болгон Айымбүбү апа: төрт неберем менин колумда - Sputnik Кыргызстан
Сабырова: келиним үчүнчү уулун 2012-жылы төрөгөндөн беш күндөн кийин каза болуп калды

— Балдарга жөлөкпул чыгабы?

— Ооба, башында 3000 сом алчубуз. Азыр 5000 кылып көбөйтүп берген. Бирок ал акчаны батирге төлөйбүз. Калаада өзүбүздүн үй жок, батирден-батирге көчүп жашап жатабыз. Тамак-ашыбызга болсо менин пенсиям тыгынчык болуп турат.

Тирүү адамдын күнү өтө берет турбайбы. Балдарымды энеси жоктой кылбайын деп кийимдерин жууп-тазалап, тамагын жасап берип жанындамын. Сабактарын мыкты окушат, мектепте улуулары -  экөө тең активист. Ушуга шүгүр кылып отурам...

Жаңылыктар түрмөгү
0