Оштогу жаңы оңдолгон тепкичтен машина айдап түшкөн баланын видеосу

4369
(жаңыланган 16:22 11.06.2019)
Ош шаарынын мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров калаадагы Токтогул паркынын кире беришиндеги тепкичтер талкаланганын жазды.

"Адамды өтө нааразы кылган иш болду. Жаңыдан реконструкция болуп жаткан Токтогул паркынын кире беришиндеги тепкичтер талкаланды! Кыздарга өзүн көрсөткүсү келген жигит автоунаасын тепкичтен айдап түшүптүр. Каражат, мээнет кеткен эле", — деп жазды ал.

Абсаттаров ошондой эле мындай бейбаштыкка барган жаран мыйзам алдында жооп берип, келтирген чыгымды төлөп бериши керектигин билдирди. 

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков окуя 9-июндан 10-июнга караган түнү болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирип, шектүү бүгүн, 11-майда, эртең менен кармалганын айтты.

"Ош шаардык ички иштер башкармалыгы иликтей баштады. Айдоочу Кара-Суу районунун 1998-жылы туулган Б.К. аттуу тургуну болуп чыкты. Ал таксист экен. Учурда келтирилген чыгымдар аныкталууда. Сурак учурунда "жолдон адашып кирип кеттим" деп түшүндүрүүгө аракет жасап жатат", — деди Сыдыков.

ШИИБдин маалымат катчысы бардык келтирилген чыгымдар аныкталгандан кийин айдоочу тийиштүү жазасын аларын баса белгиледи.

4369
Белгилер:
Күн-Туу айдоочу, Замир Сыдыков, Ош
Тема боюнча
Атамбаев айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганбы? Милиция менен КСДПнын жообу
Адам баласы жер бетинен жок кылган 16 ажайып жай. Сүрөт түрмөк