Салам, аскер! Монгол ажосу Ардак кароол менен кыргызча учурашкан видео

Жазылуу
Кыргызстанга расмий сапары менен келген Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Улуттук гвардиянын Ардак кароолу менен кыргызча учурашты.

Монголиянын лидерин мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясынан президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алып, эки өлкөнүн гимни жаңырды. Андан соң катарга тизилген Ардак кароолго карай бет алышты. Баттулга аскерлер менен "Салам, аскер!"  деп кыргызча учурашты.

Баттулга ошондой эле ШКУнун саммитине байкоочу өлкөнүн президенти катары катышат.

Белгилей кетсек, буга чейин Россиянын лидери Владимир Путин дагы Ардак кароол менен кыргызча учурашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0