"Төрага бөжөңдөп" дебей архивди караңыз! Спикер Матраимовдордун тою тууралуу. Видео

Жазылуу
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков өзүнүн жана депутаттардын Матраимовдор өткөргөн иш-чарага барганы боюнча экс-президенттин сынына жооп берди. Ал сындагандан мурун Алмазбек Атамбаевди архивге көз жүгүртүүгө чакырды.

Атамбаев 8-июнь күнү өткөргөн митингде сүйлөп жатып "чимкирик депутаттар", "төрага баш болуп бөжөңдөп Матраимовдордун тоюна барып жүрөт" деп айткан болчу.

"Алмазбек Шаршенович, ал той бүгүн эле өтүп, депутаттар быйыл эле барып калган жок. Сиз архивге айланып карап коюңуз. Сиздин убагыңызда деле жаныңыздагы кеңешчиңиз, премьер-министр, сизге жакын депутаттар ошол тойдо жүргөн. Менин оюмча, алар да элди сыйлап, ошол элге кызмат кылган үй-бүлөнү сыйлап барды. Бүгүн биз барып койсок "чимкирик депутаттар", "төрага бөжөңдөп жүрөт" деп жатат", — деп ачууланды Жумабеков.

Ошондой эле төрага Атамбаевге шайлоо учурунда ошол Кара-Суунун эли менен Матраимовдор чоң колдоо көрсөткөнүн белгилеп, аны эмнеге айтпай жатканын сурады.

Сындагандын баары фейк, өкүнбөйм. Кара-Сууга барган депутаттардын пикири видеодо - Sputnik Кыргызстан
Сындагандын баары фейк, өкүнбөйм. Кара-Сууга барган депутаттардын пикири видеодо
"Ошол Кара-Суу элинин, Матраимовдордун артынан сиз партияңызга 40-50 миңдеген добуш албадыңызбы?... Президенттик шайлоодо да добуш албадыңызбы?.. Кана ал чындык? Эмне үчүн аны айткан жоксуз?! Бүгүн эмне менен күрөшүп жатасыз? Сиздин күрөшүңүз бизге купуя болуп жатат, ачыгын айтып чыгыңыз", — деп кайрылды төрага.

Эскерте кетсек, бир тууган Матраимовдор 1-май күнү Кара-Суу районунда Жеңиш күнүнө жана атасы Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арнап волейбол жана мини футбол боюнча турнир өткөргөн. Ага биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү жана төрага Дастан Жумабеков баш болгон депутаттардын жоон тобу катышкан. Айрым депутаттардын Райым Матраимов менен катарлаш отурган сүрөтү да тараган. Райондук бир иш-чарага бийлик төбөлдөрүнүн жоон тобунун барышы коомчулукту дүрбөлөңгө салып, нааразычылыктарды жаратты.

Жаңылыктар түрмөгү
0