Боорсок менен гүл сунуп... Жээнбеков Кытай лидери Си Цзиньпинди тосуп алды. Видео

2610
(жаңыланган 22:35 12.06.2019)
Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 12-июнда, мамлекеттик визит менен Бишкекке келди.

"Манас" эл аралык аэропортунан Кытай лидерин президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Мамлекеттик визиттин алкагында Кытайдын төрагасы эртең, 13-июнда, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен кеңейтилген курамдагы эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Анын жыйынтыгында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлат.

КЭР төрагасынын мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-кытай бизнес-форумун өткөрүү күтүлүүдө.
Ошондой эле Си Цзиньпин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын ишине катышат.

2610
Белгилер:
Бишкек, Сооронбай Жээнбеков, Кытай, Си Цзиньпинь
Тема:
Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары (16)
Тема боюнча
Бишкекке келген Монголиянын президентин кызыл гүл менен тосуп алышты. Сүрөттөр