Бишкек жөө калды. Тыгындын асмандан тартылган видеосу

Жазылуу
Бишкектин борбордук көчөлөрүндө ШКУ саммитине келген президенттердин кортежи өтүп жатат. Бул аралыкта башка көчөлөрдө унаа тыгыны жаралды.

Кечээ, 12-июнда, Кыргызстанга расмий сапары менен Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулганын келишине карата жолдорго чектөөлөр киргизиле баштаган. Баса, кечке жуук Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин дагы КРге конгон.

Таасири күч лидердин КРге болгон мамлекеттик сапары кандай өттү? Видео - Sputnik Кыргызстан
Таасири күч лидердин КРге болгон мамлекеттик сапары кандай өттү? Видео
Бүгүн тогуз мамлекеттин президенти жана эки өлкөнүн премьер-министрлери келди.

Буга чейин ЖКККББ жабыла турган көчөлөрдүн тизмесин жарыялаган.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити 14-июнда өтөт. Быйыл Кыргызстан иш-чарага төрагалык кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0