"Ош" базарынын жанында казылган чуңкурдан улам тротуар түшүп кетти. Видео

Жазылуу
15-июнга караган түнү "Ош" базарынын жанында курулуп жаткан соода борборунун пайдубалы үчүн казылган чуңкурунан улам тротуар түшүп кеткен. Бул тууралуу окурман билдирип, редакциянын WhatsApp-каналына видео жөнөткөн.

Биринчи видео жол жарабай калгандан кийин дароо тартылган. Роликтин автору окуя жумушчулар тротуардын жаракасын жамап жатканда болгонун айтууда. Ал эми кийинки тасма 15-июнь күнү эртең менен тартылган. Анда киши баскан жолдун 7 метрге чукул бөлүгү түшүп кеткени көрүнүп турат. 

© Sputnik / Нурис Алымбаев"Ош" базарынын жанында курулуп жаткан соода борборунун пайдубалы үчүн казылган чуңкурунан улам тротуар түшүп кеткен
Ош базарынын жанында казылган чуңкурдан улам тротуар түшүп кетти. Видео - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарынын жанында курулуп жаткан соода борборунун пайдубалы үчүн казылган чуңкурунан улам тротуар түшүп кеткен

Түшкө маал ал жер курчалып, кран коюлган. Базардын администрациясынан же жумушчулардан кимдир бирөөнүн жүргөнү көрүнбөйт.

Белгилей кетсек, дал ушул жерде бир нече ирет күйгөн "Берекет" чакан базары жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0