Балам оорулуу... Өзгөндө кароолканада жашаган аялдын тагдыры видеодо

1304
(жаңыланган 20:34 19.06.2019)
59 жаштагы Салима Дүйшеева экинчи топтогу майып уулу экөө 6 жылдан бери Өзгөн районунун Кароол айылындагы стадиондо күзөтчү үчүн салынган тар бөлмөдө күн кечирип келет. Бөлмөнүн үстүнөн тамчы тамса, жерине цемент төшөлгөн.

Кышкысын араң эле жан сактап келе жаткандыгын айтып көзүнө жаш алган эненин жашаарга турак жайы жок. Пенсия курагына жетсе да мамлекеттен акча бөлүнгөн эмес, себеби үлүш жери жок дешиптир.

Салима эненин 20дагы уулу Муса 3 жашынан тарта жүрөк илдети менен жабыркап келет. Экинчи топтогу майып. 3 жыл мурда ага мамлекет тарабынан 3 000 сом жөлөк пул чегерилген. Эне-бала ай сайын ошол акчаны күтүп жашайт. Мындан сырткары, 10го жакын тоогунун жумурткасын чогултуп сатып, ага нан, чай сатып аларын айтат.

"Мен өзүм Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулуп өстүм. Өзгөндүн Кароол айылына турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүз 4 кыз, бир уулдуу болдук. Бирок Кароолдон үлүш жер тийбей өз убагында там да сала албадык", — дейт Дүйшеева.

Жашоо-шарттын оордугунан 1994-жылы Салима Дүйшеева Казакстанга жумуш издеп, алты баласы менен жол тарткан. Ал жакта тамеки талааларында иштеп, кыздары мектепке да бара албаганын айтып кейиген эне жашып кетти.

"1999-жылы кичүү уулум Муса Казакстанда төрөлдү. Анын келечегин ойлоп, билимдүү болушун каалап тамеки талаасын биротоло таштап, 2012-жылы Өзгөнгө баса бердик. Мигрант болуп жүрүп, оор турмушта чоңойгон кыздарым Казакстанда турмушка чыгышты", — дейт Салима эне.

Дүйшееванын жолдошу ичкилик көп ичкендиктен катуу ооруп, 2012-жылы көз жумган. Турак жайы жок эне уулу менен бир тууган кайнежесинин, андан соң мигрант катары Россияда жүргөн айылдаштарынын бош калган үйлөрүндө баш калкалап келет. 2013-жылы жашаарга үй-жай жок болгондуктан айыл өкмөткө кайрылганда жергиликтүү бийлик энени уулу менен стадиондун эки бөлмөлүү кароолканасына жайгаштырган.

2013-жылдан тарта Салима эне аталган жайда баш калкалап келет.

"Уулум да оор ишке жарабайт. Ага болбой эле "акча табайын" деп жалданып иштеп жүрдү. Оорусу күчөй баштады. Айылдык мектепте 9-класска чейин гана билим алды. "Какаганга муштаган" болуп, улуу кызыма да Казакстанда операция жасалып, анын эгиз балдарын ушул тар бөлмөдө бакканга аргасыз болдум. Кырсык эгиздеп келет деген чынбы, айтор, кичүү кызымдын күйөөсү Казакстанда жол кырсыгынан каза болуп, төрт жашар баласы менен эки ай мурда Өзгөнгө келүүгө мажбур болду. Себеби күйөө балам ата-энеси жок, жалгыз уул болчу. Азыр кызым, уулум, неберем ушул тар бөлмөдө күн кечирип жатабыз", — деди Дүйшеева.

Анын айтымында, жолдошунун да, өзүнүн да бир туугандары каза болуп калгандыктан ага каралашаар жакыны жок. Ал эми кыздарынын да турмушу оор болгондуктан энеге жардам бере албайт.

Мындан эки жыл мурда өзү да жол кырсыгына учурап, омуртка сөөгүнөн жарака кетип, моюн тарабы жабыркаган. Төрт ай төшөктө жатып, араң басууга жарап калган.

Кароол айылынын башчысы Жалын Абдисаламов эненин жашоо-шартын эске алган айыл өкмөтү ага жер бөлүп берүүнүн аракетинде экендигин билдирди.

"Айыл өкмөттүн алдындагы жер үлүшүн бөлүштүрүү боюнча комиссияга кайрылганбыз. Салима Дүйшееванын абалы боюнча алардын кабары бар. Жер тилкесин бөлүп берүү маселеси каралып жатат", — деди Абдисаламов.

Салима эне майып уулу Мусанын ашпозчу болуу тилеги бар экендигин айтып, бирок кесиптик окуу жайга окутууга каражаты жоктугун айтат.

"Бир гана тилегим — уулумду көзүмдүн тирүүсүндө өзү жактырган кесиби боюнча окутуп, нан таап жегенге жардам берсем жакшы болмок", — дейт ал.

Sputnik буга чейин 20 жылдан бери көчүп-конуп жашап, алты баланын, анын ичинен экөө шал болуп ооруган эки бөбөктүн ата-энесине Оштогу кайрымдуулук фондунун эки бөлмөлүү там салып бергени тууралуу жазган.

1304
Белгилер:
жакырчылык, уул, оорулуу, бала, эне, Өзгөн
Тема боюнча
Эки келини тең төрөттөн каза болгон Айымбүбү апа: төрт неберем менин колумда
Балдар онкологу Стамбеков: ракка кабылган балдардын көбүнүн ата-энеси мигрант

Тарап, тазалап. Кабыландын баласын "багып алган" маймылдын күлкүлүү видеосу

238
Түштүк Африкадагы Пилейнсберг улуттук паркына барган саякатчылар кабыландын баласын көтөрүп жүргөн маймылды (павиан) видеого тартып алышкан. Ролик Kruger Sightings Youtube каналына жарыяланды.

Видеонун автору Пол Вуддун айтымында, паркка барган кезинде павиандардын үйүрүн көрүп, алардын бири леопарддын баласын бооруна кысып жүргөнүн байкаган. Вуд алгач леопард өлүп калган го деп ойлогон.

"Павиан леопарддын баласын кармап алып отуруптур. Бир маалда анын жүнүн тарап, үңүлө карап, тазалап баштады. Маймыл ар бир кыймылын дыкаттык менен жасагандыктан, сырттан караган киши анын кичинекей күчүккө зыянын келтирип албайын деген аракетин байкоого болот", — деп жазган саякатчы.

Павиандар Түштүк Африкада кеңири жайылган маймылдардын түрү. Тулку боюнун узундугу 40-110 сантиметрге жетет. Эгерде коркунуч жаралса, тобундагы маймылдарды жырткычтарды ар кыл үн менен чаңырып, кыйкырып алыстатып, коргойт.

238
Белгилер:
кабылан, маймыл, жаратылыш, Түштүк Африка Республикасы
Тема боюнча
Айбан болсо да... Маймыл токко урунган башка маймылды сактап калды. Видео

Финполдун тергөөчүсүнө 250 миң сом пара берип жаткан адам кармалды. Видео

4334
(жаңыланган 13:35 03.12.2020)
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Ысык-Көл облусунда кызмат адамына 250 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан адамды кармады.

Финполдун маалымат кызматынын билдиришинче, 1-декабрда Т.А. аттуу жаран кылмыш иши боюнча маселени өзүнүн пайдасына чечүүгө аракет кылып, тергөөчүгө ири өлчөмдөгү пара берип жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 328-беренеси ("Пара берүү") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ал эми кармалган адам Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

4334
Белгилер:
тергөө, кармоо, пара берүү, финансы полициясы
Тема боюнча
"Кадастрдын" директору Абдумуктар Маматов коррупцияга шектелип кармалды. Сүрөт
Бука сатып берем деген. Ошто элди 1,5 млн. сомго алдап кеткен адам кармалды
Шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын эсептөө. Архив

Күрөө тапшырып, 30 миңден ашуун кол чогулткан талапкерлер. Тизме

72
(жаңыланган 00:40 04.12.2020)
Шайлоо күрөөсү менен кол чогултулган кагаздарды тапшыруу мөөнөтү аяктады. БШК текшере турган тизме анык болду.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. 3-декабрь саат 23.59га карата 20 талапкер тийиштүү санда кол чогултуп, шайлоо күрөөсүн тапшырды. Бул тууралуу Боршайком билдирди.

  • Абдил Сегизбаев — 55 480 адамдын колу;
  • Адахан Мадумаров — 39 856;
  • Аймен Касенов — 46 270;
  • Арстанбек Абдылдаев — 47 998;
  • Арстанбек Мыктыбек — 33 083;
  • Бабыржан Төлбаев — 58 029;
  • Бактыбек Калмаматов — 35 300;
  • Жеңишбек Байгуттиев — 51 896;
  • Имамидин Ташов (саны белгисиз);
  • Канатбек Исаев (саны белгисиз);
  • Каныбек Иманалиев (саны белгисиз);
  • Клара Сооронкулова — 33 458;
  • Кубан Чороев — 39 053;
  • Курсан Асанов — 43 864;
  • Равшан Жээнбеков — 39 874;
  • Рашид Тагаев — 40 651;
  • Садыр Жапаров — 59 998;
  • Саматбек Ибраев (саны белгисиз);
  • Улукбек Кочкоров (саны белгисиз);
  • Эльдар Абакиров — 43 630.

Эми бул тизмени Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу текшерет.

Талапкерлер 4-декабрга чейин 30 миңден ашуун кол чогултуп, бир миллион сомдук шайлоо күрөөсүн тапшырышы керек болчу.

72
Белгилер:
талапкер, БШК, күрөө, кол, тизме, президенттик шайлоо
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Жашоо керемет болбойт! Депутаттар парламентаризмден баш тартууга даярбы
Онколог, авиатор, сынчы... Ажо болом дегендер кайдан билим алган. Тизме