Учура айдаган айдоочу эки дубалды сүздү. Кырсыктын видеосу

Жазылуу
Бишкекте катуу ылдамдыкта келе жаткан Jeep үлгүсүндөгү унаа кирпич дубалды сүзүп алды. Катуу келип урунгандыктан унаа кайра артка кетип, дагы башка дубалга барып такалган.

Жол кырсыгы 19-июнь күнү болжол менен түнкү саат 01:43төр чамасында Сүйүмбаев жана Күрөңкеев көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында катталган. Кырсыктын видеосу ошол жердеги үйлөрдүн биринде илинген камерага түшүп калган.

Унаа аңтарылып кеткен. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Унаа аңтарылып кеткен. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу
Анда көрүнүп тургандай, катуу ылдамдык менен келе жаткан Jeep үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жол жээгинде токтоп турган башка автоунааны көрө калып, аны менен кагышып албайын дегендей рулду буруп жиберген. Жыйынтыгында оң жагындагы үйдүн кирпич дубалын барып бир сүзүп, кайра артка кетип экинчи тамдын дубалына барып урунган.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Айдоочу келтирген чыгымды төлөп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0