Казак аткаминерин ресторандан пара менен кармаган видео

Жазылуу
Казакстандын Шымкент облусунда ветеринардык көзөмөл боюнча аймактык инспекциянын милдетин аткарып жаткан аткаминер акча менен кармалган.

Шымкенттин Коррупцияга каршы кызматы кармалган киши ветеринария боюнча алты сертификат бергени үчүн 120 миң теңгени (318 доллар) жеке компаниянын директорунан алган.

Как задержали со взяткой бишкекского чиновника в его же кабинете — видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясынын аткаминери кабинетинен пара алып жатып кармалган видео
Видеодон ресторанда отурган киши тартип коргоо органдарына акчаны сунуп жаткандыгын көрүүгө болот. Алар текшере келгенде көк жарыктан "пара" деп жазылган сөз окулат. Кадрлардан улам акчаны анын кабинетине коюлган креслонун астынан таап чыгышкандыгын божомолдой аласыз.

Ага ортомчу катары шаардык ветеринардык кызмат чыккан болушу мүмкүн деген версиялардын айтылып жаткандыгын Sputnik Казакстан жазды.

Маалыматта иликтөө иштери уланып жатканы кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0