Казакстандагы аскер бөлүктө катуу жарылуу болду. Видео

Жазылуу
24-июнда Казакстандын Арыс шаарында эртең мененки саат 9:20лар чамасында №44856 аскер бөлүгүндөгү курал-жарак сакталган кампада жарылуу болду.

Sputnik Казакстандын жазганына караганда, эл шаардан чыгарылып жатат.

Тасмадан көрүнүп тургандай, жарылуу эл жашаган аймакта болгон. Жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен шаардан чыгып кетүүгө аракет жасашууда. Окуянын видеосу YouTube каналына жүктөлдү.

Учурда Туркестан жана Шымкент облустарынын Өзгөчө кырдаалдар департаменти иш алып барууда.

Жабыркагандар тууралуу маалымат такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0