Көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулаган баланы көчөдөгү киши тосуп алды. Видео

Жазылуу
Бөбөк кулап бара жаткан учур видеого тартылып калган.

Детский сад в квартале Гропиусштадт в Берлине - Sputnik Кыргызстан
Кытайда 5-кабаттан кулаган бөбөктү Турганбек аттуу адам тосуп калды. Видео
Окуя 19-июнь күнү Кытайдын Гуйчжоу провинциясында болду. Жергиликтүү ЖМКлардын жазганына караганда, баланы тосуп калган киши көчөдө кесиптеши менен чогуу кетип бара жаткан. Бир маалда баланын ыйлаганын угуп, өйдө жакты караганда 2-кабатта асылып турган баланы көргөн.

Ал баланы "кыймылдабай тур" деп кесиптешин жардам берүү үчүн үйдүн ичине киргизген. Бирок бала чыдабай, кулап кеткен.

Видеодон көрүнүп тургандай, бала жабыркаган эмес. Ал эми анын энеси куткаруучуга ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0