Ээси 10 миң долларга бербеген алп кочкор Гулливердин жеңиши. Казакстандагы видео

Жазылуу
Гулливер — Кыргызстандагы алп кочкорлордун бири. Анын салмагы 188 килограмм болсо, бою бир метр. Кызыгы, тышынан куйруктуу көрүнгөнү менен аны гиссар деп атоого болбойт экен. Кыргыз фермерлери дал Гулливердей бой-салмактуу, асыл тукум койлорду каттай албай убара.

Узаган жекшембиде Кыргызстандын кочкору Гулливер Казакстандагы II эл аралык асыл тукум койлордун фестивалынын алкагында салмак жана дене түзүлүшү (экстерьер) боюнча номинацияны жеңип алды.

Фестиваль Түркстан облусундагы Сайрам районунун Колкент айылында өткөн. Иш-чараны казакстандык FERMER.KZ коомдук бирикмеси уюштурду. Анда Кыргызстан менен Казакстандын командасы күч сынашты.

Иш-чаранын негизги бөлүгүндө кочкорлор жаш курагына жараша бой, салмак жана дене түзүлүшү жагынан номинацияларда ат салышты.

Энеси бооз кезинде кулунун ээлеп коюшат. Чүйдөгү өзгөчө зоот жылкылардын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Кулуну эле 100 миң сом турат! Чүйдө багылган зоот жылкылардын видеосу
Эң алп жана келишимдүү кочкор деп Кыргызстандан чыккан алты жаштагы Гулливер табылды. Ал жалпысынан 10дон ашык кочкор менен ат салышып, финалда Казакстандын афган гиссары менен кез келген. Калыстардын сунушу менен финалга дагы эки кочкор кошулган. Алардын салмактары 165-168 килограмм болсо, афган гиссарыныкы 175 килограмм чыккан. Ал эми өлкө атынан барган Гулливердин салмагы 188 килограмм чыгып, биринчи орунду камсыздаган.

Ээси: миллион долларга дагы бербейм!

Гулливер финалга чыга электе эле өткөн-кеткен кишинин баары аны менен сүрөткө түшүп, таржымалын сурап жатышты. Айрымдар аны казакстандыктар 10 миң долларга сурап жатканын айтышкан. Бул нерсенин чын-төгүнүн билүү үчүн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кочкордун ээси Аблай Михмановду кепке тарткан.

© Sputnik / Гульдана ТалантебковаКочкордун ээси Аблай Михманов
Ээси 10 миң долларга бербеген алп кочкор Гулливердин жеңиши. Казакстандагы видео - Sputnik Кыргызстан
Кочкордун ээси Аблай Михманов

"Чындыгында Гулливерди 10 миң долларга сурашты. Мен Гулливердин баасы жок деп айтам. Бир миллион долларга сурашса да бербейм. Себеби бул Кыргызстанга керек. Тукумун көбөйтүшүбүз зарыл", — деди Михманов.

Ал кошумчалагандай, бир жылда Гулливерден табигый жол менен 120дай козу туулат. Кочкордон жасалма жол менен урук алышпайт.

Кыргызстандагы эң чоң ит. Миша Галустян арзып келген Аракет - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң чоң ит. Миша Галустян арзып келген "Аракет"
Михмановдун айтымында, Гулливер сынактан кийин Кыргызстанда эле эмес, Орто Азиядагы эң чоң кочкор болуп саналып калды. Азыр кочкор беш жарым жашта, аны эки жыл мурда сатып алган. Салмагы 188 килограмм болсо, бою бир метрге жетет. Гулливер деп мультфильмдеги алп каармандын атынан койгон.

Гулливер тышынан куйруктуу кой көрүнгөнү менен гиссар деп айтууга болбойт. Себеби ал гиссар менен башка тукумдагы койдун жакшыртылган түрү. Кыргызстанда Гулливер сыяктуу гиссар аралаш койлор көп. Көйгөйлүү маселе — мындай койлор расмий түрдө каттоодон өткөрүлө элек. Ошондуктан асыл тукумдуу койлор деп гана аталып келет.

Фермерлер "гулливерлерди" каттай албай убара

© Sputnik / Гульдана ТалантебковаКыргызстандагы Койчулардын коомдук бирикмесинин төрагасы Мирлан Сатыбеков
Ээси 10 миң долларга бербеген алп кочкор Гулливердин жеңиши. Казакстандагы видео - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы Койчулардын коомдук бирикмесинин төрагасы Мирлан Сатыбеков

Бул көйгөй тууралуу кененирээк Кыргызстандагы Койчулардын коомдук бирикмесинин төрагасы Мирлан Сатыбеков айтып берди. Анын айтымында, гиссар койлор Тажикстандан чыккан. Союз убагында Кыргызстанга гиссарлар алып келинип, башка койлор менен аргындаштырылып отуруп, бүгүнкү күндө жаңы асыл тукум, бой-салмактуу койлор пайда болгон. Бирок аларга аталыш берилип, каттоодон өтө элек.

"Гулливердин 188 килограммга жетип жатканы - Кыргызстанда койлордун тукумун жакшыртуу иштери алгылыктуу жүрүп жаткандыгынан кабар берет. Биздин койлорду мен гиссар деп айта албайм. Гиссар койлор негизинен Тажикстандан чыгып, кийин аларды биздикилер башка койлор менен аргындаштырышкан. Казакстандагы былтыркы фестивалдан кийин өзүбүздүн жаңы тукумду чыгаралы деген чечимге келгенбиз. Ал тукум бизде мурда эле жаралып калган. Азыр кагаз түрүндө гана каттоого алышыбыз керек", — деди Сатыбеков.

Топоздор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Топоз баккан атбашылык миллионер кыз: 28 жашымда атамдын мал-жаны мага өткөн
Ал кошумчалагандай, учурда фермерлер илимий кызматкерлер менен биргеликте гана каттоо иши менен алпурушууда. Сатыбеков Айыл чарба министрлиги дагы көңүл буруп, көмөк көрсөтсө деген оюн билдирди.

Казакстандык FERMER.KZ коомдук бирикмесинин жетекчиси Анвар Рустемов дагы кыргыз койлорун каттатуу зарыл деп эсептейт.

© Sputnik / Гульдана ТалантебковаFERMER.KZ коомдук бирикмесинин жетекчиси Анвар Рустемов
Ээси 10 миң долларга бербеген алп кочкор Гулливердин жеңиши. Казакстандагы видео - Sputnik Кыргызстан
FERMER.KZ коомдук бирикмесинин жетекчиси Анвар Рустемов

"Силердин гиссарлар абдан жакшы. Аны жарнамалап, жайылтуу керек. Былтыркы көргөзмөдөн кийин кыргызстандык кесиптештериме өзүңөрдүн жаңы тукумду каттагыла деп кеңеш бергем. Анткени былтыр тажик делегациясы менен талашып-тартышып, түшүнбөстүктөр болду. Эки жактын тең койлорунда айырмачылыктар жана өзгөчөлүктөр бар. Ошол эле учурда биздин койлор да бөлүнүп турат", — деди Рустемов.

Ал дүйнөлүк практикада койдун жаңы түрүн каттатуу процесси 4-5 жылга созуларын, ишти илгерилетүү үчүн биргелешкен аракеттер болушу керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0