Короодо улуган Акбара, саякатчы "Ягуар". Элдар Айтматов атасынын үй-музейин көрсөттү

1005
(жаңыланган 16:11 28.06.2019)
Гүлдана Талантбекова
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов кандай үйдө жашаган, анын чыгарма жараткан, уктаган, тамактанган бөлмөлөрү кандай болгон деп кызыккандар көп чыгар. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги залкар инсандын өмүрү жана чыгармачылыгы өткөн үйдү тартып келди.

Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи 2014-жылы Бишкекте ачылган. Жазуучунун үйүн көрүү үчүн окуучулар, студенттер, туристтер, чет элдин президенттери, сыйлуу коноктор, ошондой эле карапайым адамдар келишет. Маселен, жакында Россиянын лидери Владимир Путин менен UFC чемпиону Валентина Шевченко барып кеткен. 

© Sputnik / Михаил Климентьев
Мамлекеттик сапар менен келген Россия президенти Владимир Путин Чыңгыз Айматовдун үй-музейине баш багып кеткен

Жазуучунун жашаган жерин музейге айландыруу иши тууралуу анын уулу Элдар Айтматов айтып берди. Ал атасынын атындагы эл аралык фондду, "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин президентинин орун басарлыгын аркалап, бир катар долбоорлорду жетектейт. 

© Фото / Международный фонд им. Чингиза Айтматова
UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко дагы жазуучунун үй-музейине барып, Элдар Айтматовдун колунан "Дүйнө жараны" наамын алган

Мамлекеттик резиденция тарапта жайгашкан

Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи шаардын четирээк жагындагы "Ала-Арча" резиденциясында жайгашкан. Келген кишинин көзүнө биринчи кароолчулар, бийик дарбаза, ичиндеги эки кабат там, бак-шак жана статуялар урунат. 

Участов в доме-музее народного писателя Чингиза Айтматова в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Үй-музейдин сыртынын көркүн бак-шактар ачат

Элдар Айтматовдун айтымында, бул үйдүн бир бөлүгүн атасы 1984-жылы сатып алат. Ага чейин мамлекеттик резиденциянын тейлөө кызматкери жашап, кийин имарат кароосуз калган экен. Чыңгыз Айтматов үйдү алгандан кийин оңдоп-түзөп, ашкана менен далисин улап, китепкана менен өзүнүн бөлмөсүн кайра башынан курдурган.

Уулунун айтымында, жазуучу каза болгондон кийин үй-музейи дароо ачылган эмес. Себеби классиктин үйүн ал жашап жүргөндөй кылып калтыруу үчүн даярдыктар, башкача айтканда, капиталдык ремонт керек эле. 

"Оңдоп-түзөө иштерине эки жыл кетти. Кайрадан жылуулук системасын орноттук. Мурда ал Мамлекеттик резиденция тарабынан берилчү эле, биз үйдүкүн өзүнчө кылып койдук. Бөлмөлөр башынан эле көк басып турчу. Дубалдардагы көктү кетиргенге бир нече ай кетти. Айлананы отоо чөп басып кеткен болчу. Кээде бак-дарак же башка өсүмдүктү отургузуп, жакшылап сугарганыбызга карабай, гүлдөп келе жатып эле соолуп калчу. Көчөттөрдү сактап калуу үчүн кара топуракты ташып келдик", — деди Айматов.

Ошондой эле брусчаткалар жаңыртылып, газон жасалып, жолдогу жарыктар орнотулуп, суу системасы калыбына келтирилген. 

Капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин, 2014-жылы, үй-бүлөлүк демилге менен Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи ачылган.

"Музейди ачуу идеясы апабыз Марияга, эжем Ширинге жана мага таандык. Апамдын эмгегин өзүнчө бөлүп айткым келет. Ал атабыздын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу бардыгыбыздан көп билгендиктен, көп жерден кеп-кеңешин берип, колдоо көрсөтүп турду", — деди жазуучунун уулу.

Ал Айтматовдун үй-музейин жакшыртуу иши бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

Ар бир бөлмөсү кишини тартат…

Музей 7-8 бөлмөдөн турат. Биринчи кабатындагы далис азыр меймандарды кабыл ала турчу жайга айланган. Андан кийин узун зал менен басып оң жакка киргенде, жазуучу тамактанган бөлмөнү көрүүгө болот. Ал жерде стол, отургучтар, идиш-аяктар, экспонаттар жана башка буюмдар коюлган. Маңдайындагы бөлмө — көргөзмө зал. Дубалында Айтматовдун сүрөттөрү илинип, айнек кутуда орден, медаль, сыйлыктары тизилген. 

  • Гостиная в доме-музее народного писателя Чингиза Айтматова в Бишкеке
    Биринчи кабаттын узун залы менен басып оң жакка киргенде жазуучу тамактанган бөлмөнү көрүүгө болот. Ал жерде стол, отургучтар, идиш-аяктар, экспонаттар жана башка буюмдар коюлган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Медали и картины в доме-музее народного писателя Чингиза Айтматова в Бишкеке
    Маңдайындагы бөлмө — көргөзмө зал. Дубалында Айтматовдун сүрөттөрү илинип, айнек кутуда орден, медаль, сыйлыктары тизилген.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Письменный стол в доме-музее народного писателя Чингиза Айтматова в Бишкеке
    Үстүңкү кабатта Чыңгыз Айтматовдун кабылдамасы, иш бөлмөсү жана китепканасы жайгашкан
    TABAKADYRBEKOVV
  • Спальная кровать в доме-музее народного писателя Чингиза Айтматова в Бишкеке
    Ошондой эле уктаган бөлмөсү бар. Киши жашап жүргөндөй керектүү оокат-кеченин бардыгы жайгашканын көрүүгө болот
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Коридор в доме-музее народного писателя Чингиза Айтматова в Бишкеке
    Үйдүн экинчи жарымында Элдар Айтматов үй-бүлөсү менен жашайт. Жазуучунун атындагы эл аралык фонд дагы ушул жакта.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 5
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Биринчи кабаттын узун залы менен басып оң жакка киргенде жазуучу тамактанган бөлмөнү көрүүгө болот. Ал жерде стол, отургучтар, идиш-аяктар, экспонаттар жана башка буюмдар коюлган

Үстүңкү кабатта Чыңгыз Айтматовдун кабылдамасы, иш бөлмөсү жана китепканасы жайгашкан. Ошондой эле уктаган бөлмөсү бар. Киши жашап жүргөндөй керектүү оокат-кеченин бардыгы жайгашканын көрүүгө болот. Ар бир бөлмөсү адамды тартып турат экен.

Үйдүн экинчи жарымында Элдар Айтматов үй-бүлөсү менен жашайт. Жазуучунун атындагы эл аралык фонд дагы ушул жакта.

"Ягуарды" бир көрүп жактырган

Сыртка чыкканда келгендердин көзүнө токтоп турган "Ягуар" унаасы урунат. Элдар Айматовдун айтымында, бул унааны атасы чет мамлекетте элчи болуп жүргөндө сатып алып, далай жерди кыдырган. 

Автомобиль в доме-музее им. народного писателя Чингиза Айтматова в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Элдар Айматов: Ягуар" 1992-жылы чыгарылган. Атам автосалондон көрүп эле жактырыптыр. Унаанын сапатына, бышыгына жана ыңгайлуулугуна карап алыптыр

"Ягуар" 1992-жылы чыгарылган. Атам автосалондон көрүп эле жактырыптыр. Унаанын сапатына, бышыгына жана ыңгайлуулугуна карап алыптыр. "Ягуар" шоу-румда колдонулганы үчүн анча деле кымбатка түшкөн эмес экен. Ошондо атам бир эле убакта Бельгия, Люксембург, Голландия жана Франция мамлекеттеринде элчи болуп турган. Анан "Ягуар" менен Европанын жарымын кыдырган экен", — деди Айтматов.

Бирок жазуучу каза болгондон кийин унаа маданий экспонат катары кабыл алынбагандыктан дароо Кыргызстанга алып келинген эмес. Бирок жалпы аракеттер менен машинаны өлкөгө алып келишкен. 

Ал эми үйдүн короосунан улуган карышкыр менен төөнүн статуясын көрүүгө болот. Элдар Айтматовдун айтымында, булар жазуучунун чыгармасындагы Акбара менен Найман эненин Акмая төөсү. Алар эки жыл мурда жасалган. Келечекте дагы статуяларды коюу пландалып жатат. 

Автомобиль в доме-музее им. народного писателя Чингиза Айтматова в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жазуучу каза болгондон кийин унаа маданий экспонат катары кабыл алынбагандыктан дароо Кыргызстанга алып келинген эмес. Бирок жалпы аракеттер менен машинаны өлкөгө алып келишкен.

Элдар Айтматов белгилегендей, жазуучунун үй-музейин көрөм дегендерге эшик ачык.

Чыңгыз Айтматов тууралуу

Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында туулган. 

Чингиз Айтматов в своем рабочем кабинете
© Sputnik / Виктор Чернов
Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи шаардын четирээк жагындагы "Ала-Арча" резиденциясында жайгашкан.

Ал Кыргыз эл жазуучусу (1968), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1979), Лениндик (1963) жана СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968, 1977, 1983), Кыргыз Республикасынын Баатыры (1997). Австрия, Австралия, Америка, Индия, Италия, Түркия, Япония ж.б. өлкөлөрдүн эл аралык сыйлыктарынын лауреаты.

Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.

Ал эми залкар жазуучу тууралуу эл билбеген фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окууга болот.

1005
Белгилер:
унаа, музей, жазуучу, Элдар Айтматов, Чыңгыз Айтматов
Тема боюнча
Чапанына эки киши батат! Кожомкул балбандын жаңы музейиндеги буюмдары. Сүрөт
Шолоховсуз... мал доктур болмок. Айтматов жана орус жазуучулары тууралуу 13 факты
Рахманкул хандын алтын жана пилдин сөөгүнөн жасалган мөөрү. Үй-музейге саякат