Өтүп бараткан улан терезеден кулаган бөбөктү тосуп калды. Видео

Жазылуу
Түркиянын Стамбул шаарында улан терезеден кулаган кичинекей кызды тосуп алып, өмүрүн сактап калды.

Окуя аталган калаанын Фатих районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Баланын керемет менен аман калган учуру видеого тартылып калган.

Мужчина чудом успел поймать мальчика, выпавшего из окна этажки — видео - Sputnik Кыргызстан
Көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулаган баланы көчөдөгү киши тосуп алды. Видео
TRT Haber телеканалынын билдиргенине караганда, 17 жаштагы жигит терезенин кырына отуруп алып ойноп жаткан бөбөктү жерде кетип баратып байкап калган. Кооптуулукту көргөндөн кийин кете албай, ошол жерде буйдалып турган. Кыйкырып наристенин энесин чакырууга аракет кылганы менен ары жакта ашканада тамак жасап жүргөн аял эч нерсе уккан эмес.

Бөбөк терезеден төмөн көздөй кулаганда улан эки колдоп тосуп алганга жетишкен. Аны менен кошо учкан төшөктөрү жерге түшкөн. Наристенин мурду эле канап кеткени болбосо, башка олуттуу жаракаты болгон эмес.

Окуянын чоо-жайын билгенден кийин бөбөктөн атасы баланы улам-улам алкап, ыраазылыгын билдирип, акча карматкан. Ал эми эртеси кой союп, кошуналарга түлөө өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0