Эл жыргады. Караколдо 1,5 тонна ашлям-фу даярдалган видео

Жазылуу
Каракол шаарынын 150 жылдык мааракесине карата 1,5 тонна ашлям-фу даярдалып, элге таратылды.

Ашлям-фунун крахмалы менен соусу 30-июндун түнүндө даярдалган. Ал эми кесмеси бүгүн, 1-июлда бышырылды. Башкы ашпозчу Рамиля Ванхошан ашлям-фуну даярдоо ыкмасы илгертен бери сыр бойдон сакталып келерин белгиледи.

Ашлям-фу төрт миңден ашуун жаранга бекер таратылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0