Аюудан шыпыргы менен коргонгон аял... Зоопарктагы видео

Жазылуу
Москвадагы зоопарктын кызматкери ага кол салайын деген ак аюуну шыпыргы менен чаап токтотуп калды.

Окуя видеобайкоого түшүп калып, YouTube порталына жарыяланган.

Видеодо аюунун торун тазалап жаткан аялдын артынан жырткыч келип, ага атырылууга аракет кылганын көрүүгө болот. Аял өзүн жоготпой, аюуну шыпыргы менен бир нече жолу чаап, кубалаганга жетишкен.

"Комсомольская правда" гезитинин жазганына караганда, окуя 28-июнда болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0