Төрага Жумабеков Атамбаевге өзү жазган ыр менен жооп берди. Видео

5067
(жаңыланган 20:10 03.07.2019)
Спикер Дастан Жумабеков сессиянын жыйынтыгы боюнча өткөргөн маалымат жыйынында өзүнүн жазган ырын окуп, жети атасын атап берди.

Журналист "Атамбаев Кой-Ташта сүйлөп жатып Таласта спикер сыяктуу Абыке, Көбөштүн тукумдары бар" дегенин айтып, анын кайсы уруудан экенине кызыкты. Жумабеков уруу-урууга бөлүүнү жаман көрөрүн айтып, бирок ата-тегине кенен токтолду.

"Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө таластыктардан кечирим сураган болуп, Абыке, Көбөш деп дагы айтып, спикерди да кошуп кетти. Ага эмне деп жооп беришти билбейм. Мен - кыргызмын, кыргыз болуп жаралганыма сүйүнөм. Анан уруума токтолуп кеттиңиз. Мен жети атамды билген жигитмин. Кыргызда ар бир жигит ата-тегин билиши керек. Мен ушуну ыйык туткан кыргыздын жигитимин", — деп, 11 атасына чейин санап берди төрага.

Ошондой эле ал онунчу атасы Сатыке баатыр болгонун белгилеп, "эгер Атамбаев мага доо коюп жатса, ал да ушинтип жети атасын айтып берсин" деп кайрылды.

Мындан сырткары, өзү жазган төрт сап ырды дайыма айтып жүрөрүн белгилеп, журналисттерге окуп берди.

"Мен – кыргызмын, сатылбаймын, сатпаймын!

Мен – кыргызмын, ата наркын сактаган.

Кыргызстан деп эмгектенип жүрөмүн.

Ар күн сайын азаттыкка аттанып — деген дем менен жашайм", — деп сөзүн жыйынтыктады Жумабеков.

Бүгүн, 3-июлда, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 6-чакырылыштагы парламенттин 5-сессиясынын жыйынтыгы боюнча журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрдү.

5067
Белгилер:
Алмазбек Атамбаев, төрага, Жогорку Кеңеш, Дастанбек Жумабеков
Тема боюнча
Жети атасын билген жана билбеген депутаттар. Видео сурамжылоо
Кызматтан алууга негиз жок! Кудайбердиева боюнча спикердин пикири видеодо
Төрага кол тийбестик боюнча: парламент Атамбаевге таарынгандай кыз эмес! Видео

Жапаров менен өкмөттүн 19 мүчөсү бир мүнөттө ант берсе кандай болмок. Видео

661
(жаңыланган 21:28 28.10.2020)
Премьер-министр Садыр Жапаров жана жаңыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана элдин алдында ант беришти.

КР өкмөтүнүн 22 мүчөсү бар: премьер-министр, үч вице-премьер, 12 министр, төрт мамлекеттик комитеттин башчысы жана министр рангындагы өкмөттүн аппарат жетекчиси. Алар кызматка киришип жатып ант берүүгө милдеттүү.

"Кызматка киришип жатып, өз элимдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана президентинин алдында КР Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниетим менен берилип аткарууга, Кыргызстан элинин алдында кызмат кылууга ант беремин! Берген антымды бузган учурда КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын", — дешти өкмөт мүчөлөрү.

Шашкалактаган, кайра кайталаган министрлер. Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берген сүрөттөрү

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нур-Султанга иш сапар менен кеткендиктен ант берүү аземине катышкан жок.

Ал эми эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованы парламент колдобой койду. Мындан улам эки министр ант бербей калды.

Соңунда Садыр Жапаров аларга кайрылып, болгон билим, тажрыйбасын өлкөнү өнүктүрүүгө, абалды турукташтырууга жумшоого чакырды. Ошондой эле Конституциялык реформаларды бир адамдын эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн жүргүзүүгө жардам берерине ишеним артты.

661
Белгилер:
вице-премьер-министр, ант берүү, өкмөт, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Садыр Жапаров депутаттардын алдында ант берди. Видео
Акылбек Жапаров үч күн таптырбай кайда жүргөнүн айтты

ЖКККББдин жетекчи орун басарынын пара алып жаткан учуру видеого түшүп калган

200
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары С.Н.Р. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Комитет анын кызматкерлерден акча алып жаткан учурунун видеосун жарыялады.

Маалыматка караганда, ЖКККББдин жетекчилик кызматтагы адамдары сый акы алганы боюнча коррупциялык схема аныкталган.

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаев бошотулат деген кептерге жооп кайтарды

Ведомстводо мындай инициалдарга туура келген бир эле орун басар бар. Ал — Сатыбалдиев Нур Рысканович. Сатыбалдиев бир жыл мурун Бишкекте түзүлгөн Кайгуул күзөт милициясына адамдарды жумушка алууда акча алып турган деп шектелип жатат.

Мындан сырткары, ал иштеп жаткан милиционерлерди кызматынан көтөрүү үчүн пара алып турганы кабарланды.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси ("Пара алуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

200
Белгилер:
милиция, пара, ЖКККББ
Тема боюнча
ЖКККББнын жетекчи орун басары коррупцияга шектелип кармалды
Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери иш учурунда. Архив

Укук коргоочулар: түрмөдө COVID жуктургандар көп. Ага ЖАМКтын жообу

33
Укук коргоочулардын айтымына караганда, ЖАМКтын жабык мекемелеринде коронавирус инфекциясын жуктуруп алган учурлар көп кездешүүдө.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы эркинен ажырагандар отурган абактарда коронавирус инфекциясы көбөйүп кеткени боюнча билдирүү туура эмес деген маалымат таратты.

Буга чейин бир топ укук коргоочулар — Акыйкатчы институту, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор "Бир дүйнө — Кыргызстан" укук коргоо уюмунун тартылган эксперттери менен чыгарган маалымат таратылган. Абактарда, психиатриялык ооруканаларда, балдар үйүндө коронавирус боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялашкан.

Алар Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) жабык мекемелеринде COVID-19ду жуктуруп алган көп учурлар бар, ал эми айып салып кармап турган өзүнчө жайларда отургандар үчүн шарттар түзүлгөн эмес дешкен.

Садыр Жапаров: абакта жатканда коронавирус менен ооруп айыктым

"COVID-19 башталгандан тарта ЖАМКта коронавирустун тарап кетишине жол берөө, анын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп келет. Андан сырткары, профилактикалык жана эпидемияга каршы тиешелүү аракеттер көрүлүп турат", — дешкен аталган ведомстводон.

ДССУнун, Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын жана кылмыш-аткаруу системасынын өзгөчөлүгүн эске алып, Эл аралык Кызыл жарым ай уюмунун көмөгү менен ЖАМКтын медициналык кызматы атайын алгоритмдерди иштеп чыккан.

Алар COVID-19ду профилактикалоо жана аталган инфекцияга чалдыгышы мүмкүн деген адамдарды табуу боюнча түзүлгөн.

"Соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүнө ылайык, пневмония илдетинен ЖАМКтан төрт киши, ал эми COVID-19дан эки киши каза тапты. Былтыркы жылы ушундай мезгил ичинде пневмониядан үч киши көз жумган", — деп айтышты ЖАМКтан.

Мамлекеттик кызматтан Жазык-аткаруу кодексине ылайык, айып изоляторунда кармалып тургандарга төшөнчү, шейшептер уктаган учурда гана берилет деп кошумчалашкан.

Ведомстводон тартип коргоочулар ЖАМК мекемелериндеги абалды туруксуздаштыруу максатында жасалма нерселерди түзүп жатат деп айтышкан.

33
Белгилер:
билдирүү, укук коргоочу, жугуу, коронавирус, түрмө, ЖАМК, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
COVID-19 дагы эки кишинин өмүрүн алып кетти