Екатеринбургдагы ишкер Камчыбек Каримовго кол салуу учуру видеого түшүп калган

Жазылуу
2-июлда Свердлов облусундагы "Кыргызстан-Урал" коомдук уюмунун мурдагы жетекчиси Камчыбек Каримовду атып кетишкен.

Жергиликтүү Е1.ru порталы Каримовго кол салуу учуру видеобайкоого түшүп калган кадрды YouTube каналына жайгаштырды. Андан эки эркек киши ишкерге кол салып, андан ары качып кеткенин көрүүгө болот. Андан соң Каримов ичин кармап чөгөлөп отуруп калган, жанында сумка турганы байкалат.

Тергөө комитетинин алдын ала маалыматы боюнча, Каримовду 2-июлда Москва убактысы менен саат 13.00дө Екатеринбург шаарындагы Калинин көчөсүндө жайгашкан №22 үйдүн жанынан белгисиз адамдар атып кетишкен. 

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгү ("Бир нече адамдын ур-токмок менен коштолгон адам өлтүрүүсү") боюнча иш козголду. Учурда укук коргоо органдары окуянын чоо-жайын иликтеп жатат, кылмышкерлерди тез арада табуу үчүн аракеттер көрүлүүдө.

Эң негизги версия катары акча алуу максатында кол салуу жана өлтүрүү каралып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0