Эмне жандык экени белгисиз... Индонезияда тартылган видео

Жазылуу
Кадрлардан бир караганда канаттуудай, бир караганда деңиз жашоочусундай жаныбар акырындап өйдө чыгып бара жатканын көрүүгө болот.

Индонезияда тартылган видеодон тири укмуш — көпөлөк же осьминог экени белгисиз жандыктын шыпта жылып бара жаткандыгын көрүүгө болот. Бул туурасында Daily Mail жазды.

Хари Тоа аттуу адам элге алды-кийин белгилүү болбогон жаныбарды тартып алып, интернетке койгон.

Курттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Курттун "чаңырган" үнүн уктуңуз беле? Мурманскидеги балыкчынын видеосу
Бир караганда канаттуудай, бир караганда деңиз жашоочусундай жаныбар акырындап өйдө чыгып бара жатат. "Буттарынан" чыгып турган апакай түктөрдү байкоого болот.

Видеонун автору таң калгандыгын жашырбай сүйлөп жатып белгисиз жаныбарды башка ааламдын "келгини" деп атаган.

Роликтин авторунун пикиринде, түнү жамгыр жаап жаткандыктан, ал коопсуз жай издеп кире калган.

Тоа бул эмне жандык экендигин так аныктай албаганы менен Arctiinae түрүнө кирген шайтан көпөлөк болушу мүмкүн деп божомолдогон. Автор боолголоп жаткан Creatonotos gangis көпөлөгү күбө менен жөргөмүштүн ортосунан пайда болгон сыяктуу элес калтырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0