Владимир Зеленскийдин адаттан тыш жүрүм-туруму видеого түшүп калды

2696
(жаңыланган 12:25 07.07.2019)
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин адаттан тыш жүрүм-туруму социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты.

"Известия" басылмасы билдиргендей, окуя Ужгород шаарындагы жыйындардын биринде болгон.

Видеодо Зеленский ары-бери жагын карап, башын кармап тынчсызданып, суудан улам-улам ууртап отурганын көрүүгө болот.

Социалдык тармактын колдонуучулары президент абдан чарчагандыгын жазса, айрымдары өтө таасир берүүчү препарат ичип алганда кишиге ушундай таасир берерин белгилешүүдө.

2696
Белгилер:
видео, Владимир Зеленский, Украина
Тема боюнча
Ангела Меркель кайрадан калчылдап... Видео
Кайра-кайра калчылдаган Ангела Меркель. Негизги версиялар айтылды

Жарылуу болгон Бейруттан көрсөтүлгөн түз эфир

679
(жаңыланган 19:29 05.08.2020)
Ливандын борбору Бейрутта кечээки жарылуудан бери адамдарды издөө жана куткаруу иштери уланууда. Соңку маалыматтарга ылайык, жарылуудан каза болгондордун саны 70тен ашты.

Катуу жарылуу шейшемби күнү кечинде Бейруттагы порттун аймагында катталган.

Шаардагы имараттар жабыркаган, жаракат алгандардын көптүгүнөн улам ооруканалар толуп кеткен. Төрт миңден ашуун киши жарадар болду.

Үрөй учурган жарылуу болгон жерден алынган 14 сүрөт. Бейруттагы трагедия

Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, төрт миңден ашык адам түрдүү жаракаттарды алышкан. Жарылуунун эпкини окуя болгон жерден бир канча чакырым радиус аралыктагы үйлөрдүн терезелерин да талкалаган. Иорданиянын сейсмологиялык обсерваториясы Бейруттагы жарылуу 4,5 баллдык жер силкинүүгө барабар болгонун аныктаган.

679
Белгилер:
өлүм, кырсык, жарадар, куткаруу, жарылуу, Бейрут, Ливан
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Күнөөлүүнү таап чыгам! Ливандын премьери Бейруттагы жарылуу боюнча үн катты
Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты

Жүрөктү титиретет! Бейруттагы  катуу жарылуунун видеосу 

15021
(жаңыланган 23:07 04.08.2020)
Кызыл крест коомунан билдиргендей, сынган айнектерден жараат алгандар көп. Үйлөр талкалангандыктан, адамдар уранды алдында калышы мүмкүн.

Ливандын борбору аталган Бейрут шаарындагы порттун жанында катуу жарылуу болду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

RT каналы ал жактан орус тилинде түз алып берүүдө.

Видеодон көрүнүп тургандай, алгач кичирээк жарылуу болгон. Андан кийин беш мүнөткө жетпей кара, ак түтүн асманды каптап, кийин кызыл түтүн чыккан.

Маалым болгондой, жарылуу бир топ үйдү талкалаган. РИА Новостиге Кызыл крест коомунун кызматкери билдиргендей, адамдар уранды алдында калышы мүмкүн.

15021
Белгилер:
түтүн, үй, видео, жарылуу, Ливан
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Жалын чачырап! Ош шаарындагы кафенин өрттөнүп жаткан видеосу
Бириккен Араб Эмирлигинин түндүк-чыгышындагы Аджман аймагындагы базарда ири өрт учурунда

Бириккен Араб Эмирлигинде базарда ири өрт чыкты. Видео

0
(жаңыланган 15:56 06.08.2020)
Маалыматка караганда, өрт 5-августта жергиктүү убакыт менен саат 18:30да башталган. Тилсиз жоо менен өрт өчүрүүчүлөр 2,5 саат күрөшкөнү айтылат.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин түндүк-чыгышындагы Аджман аймагындагы базарда ири өрт чыкты. Бул туралуу The National жазды.

Маалыматка караганда, өрт 5-августта жергиктүү убакыт менен саат 18:30да башталган. Тилсиз жоо менен өрт өчүрүүчүлөр 2,5 саат күрөшкөнү айтылат.

​Жергиликтүү полиция жетекчисинин айтымында, базардын айрым жерлери такыр эле өрттөнүп, күлү гана калды. Бирок жабыркагандар болгон жок. Анткени акыркы төрт айдан бери карантинге жабылып турган.

Үрөй учурган жарылуу болгон жерден алынган 14 сүрөт. Бейруттагы трагедия

Учурда полиция өрттүн себебин иликтеп жатат.

0
Белгилер:
видео, өрт, базар, Бириккен Араб Эмирлиги
Тема боюнча
Жүрөктү титиретет! Бейруттагы  катуу жарылуунун видеосу