Түркиянын көчөсүндө ок жеп, кансырап жаткан кыргызстандык жигиттин видеосу

7813
Түркиянын Аланья шаарынын көчөсүндө кансырап жаткан кыргызстандык жигитке айланасындагылар жардам берип, жасалма дем алдырууга аракет кылып жаткан учурдун видеосу тарады.

Окуянын жүрүшү YouTube каналына жайгаштырылган.

Анда "Анталияда кыргыз бала көчөдө өлтүрүлдү" деп жазылган.

Буга чейин Haberler басылмасы жазып, кыргызстандык жаран 40 жаштагы кишинин колунан көз жумгандыгын кабарлаган.

Аткан киши окуя болгон жерден качып кетип, бирок коңшу райондон кармалган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы бул тууралуу кийинчерээк кабар берерин айткан.

7813
Белгилер:
ок атуу, өлүм, Анталья, Түркия

Кыргызстандыктан жеңилгенин моюндаган чечен мушкери алкоого татыды. Видео

249
(жаңыланган 11:41 25.02.2021)
Мелдештин жүрүшүн алып барган комментаторлор да кыргыз мушкери толук артыкчылык кылганын белгилешип, жеңүүчү расмий жарыялана электе эле аны куттукташкан.

Чечен мушкери Шадид Абдуразаковдун кыргызстандык Адилет Нурматов менен беттеште жеңилгенин мойнуна алган адилеттүү кадамы ММА коомчулугунда алкоого татыды. Бул тууралуу көптөгөн спорттук пабликтер жазып чыгып, видеолорун жарыялашты.

Окуя ACA Young Еagles Гран-при мелдешинин жарым жеңил салмагынын 8/1 финалында болгон. Беттеште кыргызстандык мушкер толук үстөмдүк көрсөткөн. Кармаштын аягында калыстардын бир добуштан чыгарган чечимине ылайык, Шадид Абдуразаков жеңүүчү деп жарыяланган.

Өзүнүн пайдасына чыккан чечимге чечен мушкери макул эместигин билдирген. Ал беттештин калысы колун көтөрүүгө аракет кылып жатканда колун артка тартып кеткен. Абдуразаков муну менен эле чектелбей, чыныгы жеңүүчү атаандашы экенин колу менен көрсөткөн. Анын мындай кадамы ММА чөйрөсүндө өзгөчө алкоого алынып, социалдык тармактарда күйөрмандардын ыраазычылыгын жараткан. Видеолорго "чечен мушкеринин татыктуу кадамы!", "Чечен спортчусуна урмат-сый!", "Чыныгы эркек!" деген көптөгөн комментарийлер айтылган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от MMA KYRGYZ (@mma_kyrgyz)

Мелдештин жүрүшүн алып барган комментаторлор да кыргыз мушкери толук артыкчылык кылганын белгилешип, жеңүүчү расмий жарыялана электе эле аны куттукташкан.

Деген менен уюштуруучулар чечимин өзгөртүп, кыргызстандык мушкер Адилет Нурматовду жеңүүчү деп атады.

Нурматов промоушендин Гран-при мелдешинин чейрек финалына чыкты. Кийинки этаптагы таймаштар качан болору азырынча айтыла элек.

249
Белгилер:
чечим, калыстар тобу, мелдеш, гран-при, ACA, ММА
Тема боюнча
Жыга чапты. Мушкер Абдыкааровдун OPEN FC беттешинде уткан учурунун видеосу
Нурмагомедов менен Шевченко UFC уюмунун мыкты мушкерлери деп табылды

Путин менен Жапаровдун жолугушуусунун толук видеосу

261
(жаңыланган 23:24 24.02.2021)
Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан кийин биринчи ирет чет жакка иш сапары менен барган мамлекет Россия Федерациясы болуп калды. Бүгүн, 24-февралда, Жапаров Москва шаарында Россия лидери Владимир Путин менен жолукту.

Анда Россия президенти COVID-19га байланыштуу чектөөлөр жана татаалдыктарга карабай Жапаров менен көзмө-көз көрүшкөндүгүнө кубангандыгын билдирди.

Кыргызстан президентинин маалымат кызматы Садыр Жапаров менен Россия лидери Владимир Путиндин жолуккан видеосун таратты.

Мамлекет башчылар эки тараптуу кызматташуунун маанилүү деген багыттарын, бардык маселелер боюнча биргелешкен өз ара иш алып баруунун келечегин талкуулашкан.

261
Белгилер:
видео, иш сапар, жолугушуу, Садыр Жапаров, Владимир Путин, Россия, Кыргызстан
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Путин: Россия Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтөт
Кызматташууну бекемдейбиз. Жапаров Путин менен жолукканда эмне деди

Еревандыктар премьер-министр Пашиняндын кетишин талап кылып көчөгө чыгышты

0
(жаңыланган 16:31 25.02.2021)
Пашиняндын рейтинги күзүндө Баку менен Тоолуу Карабах боюнча элдешүүгө кол койгондон кийин кескин түшүп кеткен. Анда Ереван үч райондон баш тартууга аргасыз болгон.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Еревандыктар премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып магистралдарды тосуп жатышат. Бул тууралуу armnews жазды.

Маалыматка караганда, жолдор эл тарабынан жабылгандыктан кыймыл токтоп калган.

Буга чейин Армениянын куралдуу күчтөр боюнча башкы штабы Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып, өзүнүн элине каршы күч колдонбоого чакырган. Кийин өкмөт башчысы башкы штабдын жетекчиси Оник Гаспарянды иштен алып, өзүнүн тарапташтарын өкмөт үйүнүн алдына чакырган.

Кийин өкмөт үйүнө парламенттин спикери Арарат Мирзоян, вице-спикер Ален Симонян, депутаттар жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү келишкен.

Пашиняндын рейтинги күзүндө Баку менен Тоолуу Карабах боюнча элдешүүгө кол койгондон кийин кескин түшүп кеткен. Анда Ереван Кельбажар, Лачин жана Агдам райондорунан баш тартууга аргасыз болгон. Ошондон кийин Армениянын борборунда нааразычылык акциялары башталган.

0
Белгилер:
отставка, нааразычылык, Никол Пашинян, Баку, Ереван