Путин ата-энесине, ага асылган грузин журналистке эмне деп жооп айтты. Видео

11216
(жаңыланган 22:17 09.07.2019)
Жекшемби күнү "Рустави 2" телеканалынын алып баруучусу Георгий Габуния эфир учурунда Россия президенти Владимир Путиндин дарегине оозго алгыс сөздөрдү айткан. Россиянын лидери бул окуя боюнча журналисттерге комментарий берди.

Путиндин айтымында, Грузияда Россияга каршы маанайды көбүртүп-жабыртып жатышат. Бул эки өлкөнүн өз ара мамилесине оңбогондой эле зыян келтирет.

"Ал эми Грузияга боло турган санкциялар туурасында айтсам, мен аны жасабас элем. Мен грузин элине болгон сый-урматымдан улам мындай кадамга барбайм. Бирөө чыгып алып, балп этти. Бирок ага каршы чыккандар да болуп жатпайбы. Ошол адамдар үчүн, мамилени калыбына келтириш үчүн өз ара мамилени буза турган нерсени жасабайм", — деди Путин.

Ал эми телеканал менен алып баруучу Георгий Габунияга кылмыш ишин козгоо боюнча суроого алардын деңгээлине түшөйүнбү деген мааниде айтып, "андан ары иштей берсин" деп кошумчалады. 

Жекшемби күнү Георгий Габуния "P.S." деп аталган автордук программасында Россия президенти Владимир Путиндин дарегине жана анын ата-энесине оозго алгыс сөздөрдү айткан.

Бул интернеттин грузин сегментиндеги колдонуучуларын, саясатчыларды жана активисттерди нааразы кылды. Телеканалдын имаратынын алдына жүздөгөн киши митингге чыгып, жетекчиси Ники Гварамия менен берүүнүн алып баруучусу Георгий Габуния кечирим сурасын деген талапты коюшууда. Ошондой эле "экөө тең ээлеген кызматынан бошоп, керек болсо мыйзам алдында жооп бериши керек" дегендер чыккан.

Грузиянын премьер-министри Мамука Бахтадзе Габуниянын сөзүн өлкөдөгү абалды курчутууга болгон кадамы жана мурдагы президент Михаил Саакашвилинин чагымчыл аракети катары баалады.

Грузиянын Тышкы иштер министрлиги дагы телеканалдын бул кадамы ансыз дагы оңой болбой турган Россия — Грузия мамилесин солгундатууга түрткү болот деген пикирин жарыялады.

Ал эми Габуния кызматынан эки ай четтетилген.

11216
Белгилер:
санкциялар, журналист, Владимир Путин, Грузия, Россия
Тема боюнча
Грузияда чуу чыкты: эл Путинге орой сөз айткан алып баруучуга нааразы болууда