Үчүнчү ирет! Ангела Меркель эл алдында калчылдады. Видео

Жазылуу
Бул ирет Меркель Финляндиянын премьер-министри Антти Ринне менен жолугуп жатканда денесин калтырак басты.

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин расмий жолугушууда муун-башы калчылдаган.

Прибытие Федерального канцлера Германии Ангелы Меркель в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
"Курманжан датка" орденинин алгачкы ээси. Ангела Меркель тууралуу 9 факты
Reuters агенттигинин жазышынча, окуя Берлиндеги расмий иш-чарада болгон. Видеодон гимн ойноп жатканда Меркелдин денесин калтырак басканын көрүүгө болот. Финляндиянын премьери Ринне Меркелдин абалына эч кандай реакция кылган эмес.

Германиянын канцлерин ушуну менен үчүнчү ирет эл алдында калтырак басып жатат. Буга чейин ушундай эле көрүнүш Украинанын президенти Владимир Зеленский менен болгон расмий жолугушууда болгон. Андан көп өтпөй эле Меркель өлкө президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугуп жатканда денесин капысынан калтырак баскан.

Жаңылыктар түрмөгү
0