Ойго да келбейт. Ит ээси жокто үйдө эмне кылганын видеого тартышкан

16185
Иттин ээси анын жонуна тагылган атайын камера орнотуп кеткен.

Адамдын эң жакын досу саналган ит ээси жокто үйдө эмне кылганы толугу менен видеого тартылып калган.

Алгач кожоюну үйдөн кеткенде эшиктин жанында бир азга туруп, андан соң терезеге барып анын кетишин көзү менен узатып кала берген. Бир аз убакыттан соң жерге жатып куш уйку салганга да жетишкен.

Баарынан да ээсинин үйгө кайтып келген учурундагы кубанычы көпчүлүктүн жүрөгүн элжиретет.

16185
Белгилер:
интернет, видео, ит
Тема боюнча
Бульдог менен кармашкысы келген улак. Күлкүнү келтирген видео
Ээсин улам жеңден тарткылап... Петербургда ит ташталган бөбөктү сактап калды. Видео

Таамай соккусу менен атаандашын нокаутка кетирген боксёрдун видеосу

56
(жаңыланган 20:58 27.09.2020)
Никарагуалык боксёр Мелвин Лопес каршылашы Йейсон Варгасты таймаштын биринчи раундунда эле таамай соккусу менен нокаутка кетирген.

Салгылашуунун видеосу Internacional Boxing YouTube-каналына жарыяланган.

Эки спортчунун кармашы (жеңил салмактагы категория) Американын Майами шаарында өткөн.

Анда Лопес каршылашын биринчи раундда эле нокаутка кетирген. Варгас бир нече саамга чейин эсин жоготуп жатып калган. Бирок рингден өзү туруп чыгып кеткен. Лопестин бул соккусун комментатор "коркунучтуу" деп атап, ал көрүүчүлөр, соцтармак колдонуучуларынын эсинде калган.

​Белгилүү болгондой, Лопес 24 салгылашуунун ичинен 23үндө жеңишке жеткен. Ал эми атаандашы ушуну менен беш жолу катары менен жеңилип жатат.

56
Белгилер:
видео, таймаш, нокаут, бокс
Тема боюнча
Баштабай жатып... UFC мушкери 17 секунданын ичинде эле оңбой калган видео

Кыргызстан тууралуу тасма эл аралык фестивалда гран-при алды. Видео

110
(жаңыланган 12:56 27.09.2020)
Тасмада дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу баяндалат. Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

Кыргызстандагы суу тартыштыгы тууралуу баяндаган "Вода. Время жажды" даректүү тасмасы “Түндүктүн мүнөзү: green screen" фестивалында гран-при сыйлыгына татыды. Бул тууралуу "Би-порт" сайты жазды

Режиссёр Евгений Безбородовдун тасмасында дүйнөдө биринчилерден болуп суу тартыштыгына кептелген Кыргызстан тууралуу көрсөтүлөт. Автор бүтүндөй адам баласынын көйгөйүн бир өлкөнүн мисалында чагылдырат.

Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасын Netflix чоң акчага сатып алды

Иркутск облустук кинофондунун YouTube-каналында тасманын трейлери жүктөлгөн. Фильм 39 мүнөткө созулат.

"Суунун жаратылышта түбөлүктүү айлануусу. Миңдеген жылдар бою адам бул мыйзам менен жашап келген. Бирок XXI кылымда адам баласы чоң көйгөйгө кептелди. Мөңгүлөрдүн, тоодон аккан таза суунун мекени болгон Кыргызстан суу тартыштыгы менен дүйнөдө биринчилерден болуп жабыркай баштады. Суунун бир тамчысы жана өлкөдөгү көйгөйлөр аркылуу бүткүл адам баласынын трагедиясы көрсөтүлдү”, — деп айтылат сүрөттөмөдө.

Фестивалда Россия, Норвегия, Финляндия жана Швеция режиссёрлорунун эмгектери көрсөтүлдү.

“Түндүктүн мүнөзү: green screen" — экологиялык жана социалдык тасмалардын эл аралык фестивалы.

110
Белгилер:
фестиваль, сыйлык, тасма, көйгөй, Суу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз режиссёрунун "Көл" тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды
Россиянын президенти Владимир Путин телефон чалуу учурунда. Архив

Путин менен Пашинян Тоолуу Карабахтагы абалды талкуулашты

0
(жаңыланган 22:54 27.09.2020)
Кырдаал боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда.

БИШКЕК, 27-сен. – Sputnik. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Россиянын президенти Владимир Путинге телефон чалды. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.

Сүйлөшүү армян тараптын демилгеси менен ишке ашкан. Эки өлкөнүн лидерлери Тоолуу Карабахтагы абалдын курчуп кетишин талкуулашты.

“Россия масштабдуу куралдуу кагылышуунун башталышына тынчсызданып жатат. Жаңжал күчөп кетпеши үчүн болгон аракеттер жасалышы керек. Айрыкча согуштук аракеттерди токтотуу зарыл”, – деп айтылат маалыматта.

Тоолуу Карабахтагы кырдаалдын курч алышы

Армения менен Азербайжан чектешкен Тоолуу Карабахтагы чатак 27-сентябрь күнү эртең менен күчөдү. Өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Карабах республикасы азербайжандык аскерлер алардын аймагына ок чыгарганын жар салды. Карапайым эл арасында жабыркагандар болду.

Баку менен Ереван абалдын курчуп кетишине бири-бирин күнөөлөп жатат. Азербайжандын Коргоо министрлиги аймакка биринчи армян тарап сокку урганын билдирсе, Армения Карабахты Азербайжан абадан ракеталар менен аткылаганын билдирүүдө.

Армениянын бийлиги өлкөгө аскердик абал киргизди. Өзүн-өзү эркин жарыялаган Тоолуу Карабах дагы ушундай эле кадамдарга барды.

Армения менен Азербайжандын чыры: калк арасында өлгөндөр бар

Кырдаал боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда.

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

0
Белгилер:
чатак, Тоолуу Карабах, Азербайжан, Армения
Тема боюнча
Армения менен Азербайжандын чатагы. Тараптардын бири аскердик абал жарыялады