Оодарылган, кагышкан унаалар... Чолпон-Атадагы эки күндүк рейддин жыйынтыктары

Жазылуу
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына дем алыш күндөргө карата туристтердин агымы көп болгондугуна байланыштуу жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча пландык рейд өттү.

Маалыматка ылайык, 12-13-июлдагы рейд учурунда жол эрежесин бузган 151 факты катталып, алардын ичинен спирт ичимдигин ичип алып унаасын айдагандар — жети, айнегин караңгылатып алгандар — сегиз, туура эмес документ менен жүргөн жети факты катталган. Андан сырткары, жасалма номер тагып жүргөн үч учур аныкталган.

"Дем алышта эс алууга келгендердин саны көбөйөт. Буга байланыштуу ар жуманын дем алыш күндөрү Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарына басым жасалып, атайын жол кыймылы коопсуздугу боюнча рейд өткөрүлүп турат. Бул рейддин негизги максаты жол кырсыктарын алдын алуу болуп саналат", — деди Ысык-Көл ОИИБдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн улук инспектору Зарылбек Абдурахманов.

Туристтик милициянын кызматкерлери Ысык-Көлгө Палестинадан келген спортчуга алгачкы ирет медициналык жардам көрсөттү - Sputnik Кыргызстан
Туристтик милиция көлдө жүргөн палестиналык спортчуга жардам көрсөттү. Сүрөт
Ал эми рейддин экинчи күнү, 13-июлда, Ысык-Көл районунда эки автоунаа кырсыгы катталды. Алардын бири Ананьево айылынан чыккан жолдо болгон. Айдоочу унааны башкара албай, машина оодарылып кеткен. Үч адам жаракат алып, Ананьево айылынын ооруканасына жаткырылган. Ал эми экинчи кырсык 13-июлдан 14-июлга караган түнү саат 01:00дөр чамасында болгон. Анда Toyota үлгүсүндөгү автоунаа Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандын алдында кырсыктаган. Алдын ала маалымат боюнча, автоунаанын айдоочусу жана үч жүргүнчүсү жаракат алып, райондук оруканага жеткирилген. Ысык-Көл районунда туристтик сезон башталгандан бери 12 ири автокырсык катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0