Ажалы жок экен! Ири дубалдын урандысынан аман калган аялдын видеосу

2311
Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы көчөлөрдүн бириндеги чоң дубал кокусунан урап түшүп, өтүп бара жаткан аялды басып кала жаздады.

Мындай учур ошол аймакта орнотулган көзөмөл камерасына жазылып калган.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, көчөдөн өтүп бара жаткан аял урап бараткан дубалды карап, бир нече секунд туруп калат. Көп өтпөй дубал урап түшүп, калдыктары унааны басып калат да, аял киши артка качып кеткенге үлгүрөт.

Окуя 10-июлда болгону, кырсыктан эч ким жабыркабагандыгы айтылат.

2311
Белгилер:
видео, Дубал, аял, кырсык, Кытай
Тема боюнча
Заара ушатам деп... поезддин алдында кала жаздаган аялдын видеосу
Түркияда жер оюлуп, эки аял жерге кирип кетти. Видео

Сириядагы чыр: АКШ Россиянын "колу канган малынганын" айтты

272
(жаңыланган 10:45 01.08.2020)
Вашингтон Сириядагы абалга Россия менен Иранды күнөөлөдү. АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Келли Крафт америкалыктар сириялыктарга жардам берүү үчүн миллиарддаган акча коротуп жатканын, ал эми Россия менен Ирандын "колу канга малынганын" айтты.

Мунусу менен Россиянын аталган уюмдагы туруктуу өкүлү Василий Небензяга жооп берди. Себеби ал АКШ сириялык мунай кендерин пайдаланып жаткандыгын айткан эле. Сириядагы нефтинин мыйзамсыз сатылып жатканы тууралуу маселени Россия бир нече ирет көтөргөн.

Ага Москва да, Тегеран да бир топ далилдерди келтирген. Анын чоо-жайын биздин видеодон көрө аласыз.

272
Белгилер:
Мунай, нефть, Россия, Сирия, АКШ
Тема боюнча
АКШ Сирияны колдоого алган Россия менен Кытайды жазаламай болду. Видео

Бейтапты сактайм деп акка моюн сунгандар. Ак халатчандарды эскерген видео

275
Коронавирус миңдеген өмүрдү соолутту, эч кимди аяган жок. Алардын арасында жашоосун, бүт өмүрүн саламаттык сактоо тармагына арнаган медиктер дагы бар. Айрымдары ичер суусу түгөнгүчө элге кам көрсө, кээ бири вирус менен күрөшүп жүрүп көз жумду.

Элдин саламаттыгы деп жүрүп набыт болгон медицина кызматкерлерин Sputnik Кыргызстан агенттиги эскерди. Алардын арасында уулунун артынан эле каза болгон, бир учурда төрт бир тууганынан ажырап кийин өзү да пневмониядан көз жумган дарыгерлер бар...

Коронавирус медицина каймактарын терип кетти. Дарттан көз жумган медиктер

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 30-июлга карата өлкөдө коронавирус дартынан 73 медицина кызматкери каза тапкан. Анын 44ү дарыгер. Бул статистикага саламаттык сактоо тармагында эмгектенген бардык кызматкерлер, пенсияга чыккандар да кошулган. Материалга сүрөтү жана ал тууралуу маалымат табылган 30 гана медик камтылды.

Россиялык медиктердин Кыргызстанга жардамы. Реанимациядан тартылган видео

Белгилей кетсек, 17-июлдан тарта бийлик коронавирус менен пневмонияны чогуу эсептей баштаган. U07.1 коду коронавирус деп эсептелсе, U07.2 клиникалык жана эпидемиологиялык жактан аныкталган ооруканадан тышкаркы пневмония болуп саналат.

275
Белгилер:
эскерүү, өлүм, коронавирус, медик
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Азыркы азалуу Ата Журт, эртеңки айт... Бул күндөрдүн артында улуу жакшылыктар бар
Коронавирустан көз жумгандар "Ата-Бейитте" эскерилип, куран окулду
Киев шаарында Өзекстан жараны бомба жардыра турганы айтып коркуттуп турат

Өзбекстан жараны Киевде  бомба жардыра турганын айтып, түз эфир талап кылды

0
Банктын кызматкерлери эшикке чыгарылып, ал эми бөлүмдүн жетекчиси террорчунун жанында өз каалоосу менен калган.

БИШКЕК, 3-авг.  — Sputnik. Киев шаарында (Украина) Өзекстан жараны барымтага кишини алып жана бомба жардыра турганы айтып коркутту. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Маалыматта  Киевдеги бизнес борбордун ичиндеги банктардын бирине кирип,   рюкзагында жарылуучу каражат бар экенин айткан. Ал полиция чакырууну суранган.  Банктын кызматкерлери эшикке чыгарылып, ал эми бөлүмдүн жетекчиси  өзүнүн каалоосу менен ичинде калган. Полиция өзбекстандык киши менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок бомба бар же жогун аныктай алган эмес.

Жакында турмушка чыкмак. Барымтага алынып көз жумган келин тууралуу эмне белгилүү

Украиналык ЖМКлар ал теле аркылуу түз эфир берүүнү сурагандыгын жазды.

Июнь айынын соңунда да Луцк шаарында эркек киши автобустагы 13 кишин барымтага алган. Анын жанында курал жана жардыргычы болгон. Аягында террорчу барымтадагыларды 13 сааттан кийин кое берген. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес жана ал киши колго түшүрүлгөн.

0
Белгилер:
түз эфир, банк, барымта, террорчу, Украина
Тема боюнча
Үч күндөн соң эсин жоготуп... Ошто кишини барымтага алган шектүүлөр кармалды