Аттракцион экиге бөлүнүп кулады. Индиядагы адам өмүрүн алган кырсыктын видеосу

1862
Индиянын батыш тарабындагы көңүл ачуучу парктардын биринде аттракцион кулаган учур видеого түшүп калган.

NDTV басылмасынын маалыматы боюнча, окуя Гуджарат штатындагы Ахмедабад шаарында болгон.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, термелип турган аттракцион иштен чыгып, ичиндеги адамдар кулап түшкөн. Натыйжада кырсыктан эки киши каза таап, 27 адам ар кандай жаракат алганы айтылат.

Учурда полиция окуянын чоо-жайын териштирип жатканы кошумчаланган.

Жакында эле коңшу Өзбекстанда дагы аттракцион кулаган кырсык катталган.

1862
Белгилер:
видео, өлүм, кырсык, аттракцион, Индия
Тема боюнча
Үрөй учурган кырсык. Өзбекстанда аттракцион экиге бөлүнүп жерге кулаган видео

Тегеренип тээп, жыгылганын баса калып... Түндө өткөн UFC турниринин видеосу

132
(жаңыланган 15:59 28.02.2021)
Кечээ Абсолюттук мушкерлер уюмунун кезектеги беттеши өтүп, кеченин башкы беттешинде франциялык Сирил Ган суринамдык Жаирзиньо Розенструйкту утту.

Лас-Вегаста өткөн UFC Fight Night 186 мелдешинин кызыктуу учурлары UFC Russia YouTube каналына жүктөлдү.

Оор салмактагы мушкерлер Ган менен Розенструйк беттештин убактысы бүткүчө кармашып, аягында калыстар жеңишти франциялык спортчуга ыйгарган. Спорт күйөрмандары суринамдык мушкер мурдагыдай нокауттарын көрсөтө алган жок деп сындашкан.

Турнирдин дагы бир маанилүү кармашында россиялык Магомед Анкалаев украиналык Никита Крыловду калыстардын бирдей чечими менен жеңген.

132
Белгилер:
мушкер, видео, беттешүү, турнир, UFC
Тема боюнча
Шевченконун баш оорусу болом. Чемпиондун жаңы атаандашы тууралуу эмне белгилүү
Эсинен тандыра уруп... UFC мелдешинен алынган бир нече учурдун видеосу

Сумкасын жула качкан ууруну кубалап жетип, күрөшүп, айласын кетирген аял. Видео

719
(жаңыланган 12:11 28.02.2021)
Австралияда улгайып калган аял колунан сумкасын жула качкан ууруну кубалап жетип, оокатын кайра тартып алган. Шектүү менен аялдын сумка талашкан жери видеокөзөмөл камерасына түшүп калган.

ABC 7 телеканалы билдиргендей, окуя бир нече күн мурда Австралиянын Квинсленд штатында болгон. Улгайган аял "Пимпама" барында туулган күнүн өткөрүп жаткан учурда ал отурган столго белгисиз эркек киши келип, сумкасын алып качып кеткенге аракет кылган.

Видеодо көрүнүп тургандай, шектүү сумка менен из жашырып кетүүгө аракеттенген. Бирок буюмдун ээси аны автоунаалар токтогон жерге чейин кубалап келип, кишини желкеден алып жерге кулаткан. Сумка талашып жатып уурунун үстүндөгү кийими да чечилип кеткен. Жыйынтыгында аял сумкасын алып, белгисиз кишини бут кийим менен да чаап жетишкен.

Журналисттер менен баарлашуу учурунда аял каракчынын артынан кубалап барып, аны менен мушташуу жакшы чечим болбогонун айткан. Анткени денеси жаракат алган.

"Шектүүнүн артынан чуркап бара жатканда эмне тууралуу ойлонгонумду деле билбейм", — деген ал.

Аталган окуядан кийин шектүү автоунаасы менен из жашырып кеткен. Бирок көп өтпөй анын полициянын колуна түшкөнү айтылды.

719
Белгилер:
видео, сумка, тоноо, уурулук, аял, Австралия
Тема боюнча
UFC президенти ууру менен мушташа кеткен сатуучу аялга иш сунуштады. Видео
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт

0
(жаңыланган 23:26 28.02.2021)
Сегиз жаштагы бала соцтармак аркылуу президентке кайрылып, мектеп куруп берүүнү өтүнгөн. Алгач өлкө башчынын аны менен жолуга албай турганы айтылып, кийин видео аркылуу сүйлөшкөнү белгилүү болгон.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Балбайлык окуучу Бекболот Турдушев президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ал Instagram баракчасына өлкө башчысы менен жолуккан учурда тартылган сүрөттөрүн жарыялаган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от turdushev (@bekbolotturduh)

Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына президент окуучу бала менен жолугууга убада бергенин белгилеп кетти.

Бекболот Турдушев мектебинин эскилиги жеткенин айтып, эки кабат мектеп салып бериңиз деп өлкө башчысына кайрылгандан кийин интернет жылдызына айланган.

Ошондон кийин Бекболоттун Жапаров менен жолуга турганы тууралуу маалымат тараган.

Президенттин маалымат кызматы Жапаров Россияга болчу сапарынын алдында окуучу бала менен жолугуу каралган эмес дешкен.

Көп өтпөй Жапаров видео байланыш аркылуу Бекболот Турдушев менен сүйлөшкөнүн өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.

0
Белгилер:
Бекболот Турдушев, Садыр Жапаров, мектеп, президент, жолугушуу
Тема боюнча
Мектеп куруп берүүнү өтүнгөн балбайлык окуучу Жапаров менен жолукту. Сүрөт