Бейажал кеткен 4 жигит. Абжалиевдин уулу катышкан кырсыктын далилдеринин видеосу

Жазылуу
Чолпон-Атада төрт жигиттин өмүрүн алган автокырсыкка бүгүн 10 күн болду. Азырынча каргашанын себептери жана күнөөкөрлөрү аныктала элек. Баары экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатат.

Кагышкан унаалардын биринде Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу отурган. Бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, уламдан-улам жаңы жагдайлар чыгып жатат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ар тараптуу маалыматтарды топтоп, окуяны баштан-аяк тизмектеп, окурмандарга кыскача түшүндүрүп берүүнү чечти.

Жаш жигиттерди ажалга түрткөн кырсык

Начальник следственной службы ОВД Иссык-Кульского района Жаныбек Мырзабаев - Sputnik Кыргызстан
Видео жазууларды алдык. Тергөөчү Чолпон-Атадагы кырсык боюнча маалымат берди
Үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда таңга маал саат 4.30да BMW X7 менен Lexus ES 330 үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Окуя Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун бет маңдайында болгон. Милициянын билдиргенине караганда, BMW Бостери тараптан Чолпон-Атаны көздөй келе жатып, артка бурулууга белсенген Lexus машинасын капталына сүзгөн. Жеңил унаанын ичинде төрт, кроссоверде үч киши болгон. Кырсыктын кесепетинен Lexus унаасында отурган эки жигит жеринде мүрт кеткен. Үчүнчүсү ооруканада үзүлүп, төртүнчүсү эки күн комада жатып каза болгон. Ал эми BMW унаасындагы үч жигит жаракат алган. Учурда айдоочусу Элдияр Халмурзаев менен Темирлан Токобеков Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатат.

Каза болгон балдар группалаштар эле. Үчөө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинде магистратураны быйыл аяктаган. Айдоочусу Б.Н. бакалаврды бүткөндөн кийин эле УКМКга жумушка орношкон. Төрт жигиттин бири бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу.

Кырсыктын болжолдуу себептери

Каза болгон жигиттердин туугандары BMW унаасын Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков мас абалында башкарып баратып кырсыкка кабылганы боюнча божомолдорун айтышкан.

"BMW Lexus машинасын сүзгөндөн кийин 70 метрдей ары сүрүп барган. Кырсык болгон жерде тормоздун изи жок. Демек, токтотууга аракет кылган эмес. Күбөлөрдүн айтымында, ал саатына 200 чакырым ылдамдык менен жүргөн", — деп болжогон маркумдун туугандары.

Тартип сактоо органдарындагы маалымат булагы окуяга күбө болгондордун айтымына таянып, BMW өтө катуу ылдамдыкта өткөндүгүн билдирген.

Ал эми Темирлан Токобековдун өкүлү Каныбек Жакшыбаев BMW өз жолу менен баратканда Lexus сол тарапка чыга коюп автоунаалар кагышып кеткенин айтууда.

Милиция 10 күндөн бери кырсыктын себептерин аныктап, экспертизаны чыгара элек. Ишти алгач Ысык-Көл РИИБи тергеп, кийин облустук милицияга өткөрүп берди. Мунун себебин окуя коомчулуктун көңүл чордонунда болгондуктан, ишти дыкат териштирүүгө райондук тергөөчүлөрдүн тажрыйбасы аз экени менен түшүндүрүштү. "Эми оор кылмыш иштерин ачып жүргөн тажрыйбалуу тергөөчүлөр иликтейт" деп милиция ишендирүүдө.

Табылган далилдер

7-июлга караган түнү Чолпон-Атадагы ипподромдун жанындагы Soccial Coffeе көңүл ачуу жайынын ачылышы болгон. Ал жерде тартылган видеодон депутат Темирлан Токобеков досу Элдияр Халмурзаев менен саат 00.30да кафеге барганын көрүүгө болот. Анда таңкы саат 4.27ге чейин отуруп, чыкканда үч жигит BMW X7 кроссоверине отуруп кеткен. Анда Элдияр Халмурзаевдин рулга отурганы байкалат.

Ошол эле учурда автокырсык учурунун алыстан тартылган видеосу да чыкты. Анда BMW X7 ипподромдун бет маңдайындагы жолдон зуулдап өтүп барып кагышканын көрүүгө болот.

Баасы асман чапчыган BMW X7 кимдики?

BMW X7 автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттын уулу отурган BMW Х7 унаасынын ээсимин деген киши табылды. Чоо-жайы
Айрым маалымат булактары төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыкка кабылган BMW Х7 Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобековго таандык экенин жазган. Ал эми депутаттын ишенимдүү өкүлү Sputnik Кыргызстандын кабарчысына унаага Бишкектеги BMW борбору ээлик кыларын айтып, "Элдияр Халмурзаев фирманын айдоочусу" деген эле.

Бирок көп өтпөй кроссовердин ээсимин деген киши табылды. Ал Темирлан Токобековдун бизнес өнөктөшү Сухраб Жармухамедов экени маалым болду. Жармухамедов унааны Бишкектеги BMW борборунан кредитке алганын айтып, далилдөө үчүн сатып алуу келишимин жана банктан алган насыясынын документтерин Sputnik Кыргызстан агенттигине көрсөттү. Бирок документте жеке маалыматтар болгондуктан жарыялабоону өтүндү.

Берген документинде BMW Х7 кроссоверин бир ай мурда 110 243 долларга сатып алганы көрсөтүлгөн.

"Бул автоунааны аларым менен чет өлкөгө кеткем. Кайра келгенден кийин эки-үч күн айдап, өзүм жакшы деле көрө элек болчумун. Анан Темирлан менен Элдияр үй-бүлө, достору менен көлгө баратканын айтып унаамды сурашты. BMW X7 жаңы болгондуктан узак жолго айдап көрүүгө кызыгышкан", — деди Жармухамедов.

Ошондой эле ал насыяны толук төгүп бүткөнгө чейин унаанын юридикалык жактан ээси BMW борбору экенин түшүндүрдү. Баса, Бишкекте BMW X7 үлгүсүндөгү көлүктөн экөө-үчөө эле бар экен.

Юстиция министрлигинин маалыматтарын камтыган osoo.kg порталында BMW X7 унаасынын ээси Сухраб Жармухамедов бир нече компаниялардын негиздөөчүсү жана директору катары көрсөтүлгөн. Атап айтканда, ал 9 компаниянын башында турат. Арасында Темирлан Токобеков менен өнөктөштүк ишканалары да бар.

Азыркы тапта кырсыктан мерт болгон жигиттердин үй-бүлөсү тийиштүү далилдерди чогултуп, өздөрү дагы аракетин көрүүдө. Иштин ачык-айкын иликтенишине үмүт артышууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги мындан ары да кырдаалга көз салып турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0