Айдоочу жаңы жуудурган автоунаасы менен көлгө түшүп кетти. Жылмайткан видео

Жазылуу
Рулда отурган кыз, кыязы, тормоз менен газды алмаштырып басып алган. Анткени ал автоунаа жуучу жайдан чыгып жатып түз эле сууга түшүп кеткен.

АКШнын Нью-Джерси шаарында айдоочу автоунаасын жуудуруп чыгып, "ыраазы болбой" калды окшойт, өзү дагы бир ирет "жууп" алды. Аны көргөн аталган жайдын кызматкерлери бир саамга таңыркап туруп, анан жардамга чуркаган.

Кийинчерээк кызды аман-эсен алып чыгышканы, ал эми темир тулпардын эч жери мыйрыйып же сынбаганы белгилүү болду. Мындан улам "автоунаа жуулгандан кийин сергип калсын деп көлгө бир түшүрүп алууну адатка айлантсак кантет" деп тамашалашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0