Жүрөк оозго тыгылат! Балконго секирип чыккан аюунун видеосу

425
(жаңыланган 14:11 19.07.2019)
АКШнын Теннесси штатынын тургуну аюунун кол салууга аракет кылган видеосун тартып алган.

Видеону YouTube каналынан көрүүгө болот.

Окуя 14-июлда Гатлинбург шаарындагы курорттордун биринде болгон. Видеодо эс алып жаткан турист үйдүн биринчи кабатынан аюунун жүргөнүн карап турганын көрүүгө болот. Бирок аюу кишини байкап калып, дароо экинчи кабатка секирип чыккан. Корккон турист бөлмөсүнө кире качкан жеринен видео үзүлүп калган.

425
Белгилер:
турист, видео, АКШ, аюу
Тема боюнча
АКШда аюу "уурдап бараткан" автоунаасын талкалап салды. Сүрөт

Бел ашып, кар кечип жарык жандыргандар. Асманда иштеген энергетиктердин видеосу

418
(жаңыланган 03:21 03.06.2020)
3000 бийиктиктеги катмарлап каткан карды аралап, андан соң ашуунун дал чокусуна орнотулган электр линиясынын түркүгүнө чыгып, аны бир нече күндөп оңдоо жөнөкөй адамдардын колунан келе турчу иш эмес.

Албетте, ар бир кесиптин өзүнүн кыйынчылыгы бар, бирок төмөнкү видеодон кооптуулук менен коштолгон түйшүктүү иш процессин көрүүгө болот.

Бул — "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасынын Нарындагы энергетиктери Сары-Кыр ашуусуна чыгып барып, электр өткөрүүчү линияны оңдогон учуру.

Ал жерге адистер жолду кардан тазалап отуруп, эки күндө жеткен. Бул ишти аталган мекеменин Нарындагы филиалынын бригадасы жасады. Ошентип акырында энергетиктер Урумбаш-Жетиген деп аталган 110 кВт чыңалуудагы линияны оңдошту.

418
Белгилер:
кар, энергетика, Тогуз-Торо, Кыргызстан
Тема боюнча
Суу кечип, куюнда калып, Нарын суусунун үстүнөн зым тарткан энергетиктер. Видео

Москванын кезектеги "жазып-тайганы". АКШ Россияны башаламандыкка айыптоодо

380
(жаңыланган 12:42 02.06.2020)
Америка Кошмо Штаттарында афроамериалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган ири акциялар тынчый элек. Эркек киши Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарында полиция колго түшүргөндөн кийин көз жумган.

Окуя элдин нааразычылыгын шарттап, массалык митингдер бир нече күндөн бери уланууда. Полициянын аракетин сындап чыккандар Миннеаполис, Нью-Йорк, Вашингтон сыяктуу ири шаарларда арбып, башаламандык жаралып, полиция менен кагылышуулар болуп жатат. Митингчилер дүкөндөрдү кыйратып, талап-тоноп, таштанды челектерди өрттөшүүдө.

Каршылык акцияларынын жүрүшүндө РИА Новости агенттигинин кабарчысы Михаил Тургиев да жабыркап, мындан улам РФ элчилиги Мамлекеттик департаментке нота жөнөттү.

Ал арада полицияга жардам иретинде АКШнын Улуттук гвардиясы да тартылды, бирок желим ок да, көздөн жаш чыгаруучу газ дагы элдин толкунун баса алчудай эмес. Ушундай окуялар болуп жаткан маалда Барак Обаманын экс-кеңешчиси Сьюзан Райс Россияны айыптап чыкты. Бул жолу Москва кайсы жерден "жазып-тайып" калганын биздин видеодон көрсөңүздөр болот.

380
Белгилер:
талап-тоноо, нааразы, митинг, башаламандык, айып, Россия, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Оңдолгус ката! АКШдагы митингге тиешеси бар деп айыпталган Россия жооп берди
Алма сатуу. Архивдик сүрөт

Шерипов: көлдүктөр жаңгакка кызыкдар эмес, алма-өрүккө көнүп алышкан

22
(жаңыланган 16:19 03.06.2020)
Учурда Жогорку Кеңеште "Жаңгак плантацияларын өндүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору" экинчи окууда каралып жатат.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда жаңгак бышат, бирок көлдүктөр жаңгак өстүрүүгө кызыкдар эмес. Мындай пикирин парламентте Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов билдирди. 

Заместитель директора Государственного агентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства Элдияр Шерипов на заседании Жогорку Кенеша. 3 июня 2020 года
© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов

Учурда Жогорку Кеңеште "Жаңгак плантацияларын өндүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору" экинчи окууда каралып жатат.

Депутат Абдыбек Дүйшалиев биосфералык аймак болуп эсептелген Ысык-Көлдө бош жер көп экенин айтып, бул жерде жаңгак бышар-бышпасына кызыкты.

"Көлдө жаңгак бышат жана сапатын жоготпойт. Бирок жергиликтүү эл алма жана өрүк өстүрүп, багбанчылыктын бул түрүн жакшы өздөштүргөн. Бул жемиштер коңшу Казакстанга көп сатылып, жакшы баа болуп берет. Ошол себептен көлдүктөр жаңгак өстүрүүгө кызыкдар эмес. Алар өзгөрүүнү каалабайт", — деди Шерипов.

Ошондой эле ал чындап эле көл аймагында бош жерлер көп экенин айтып, аларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк формасында иштетүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

22
Белгилер:
түшүм, алма, жаңгак, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тема боюнча
Адис: быйыл Кыргызстанда жаңгакты үшүк алып кетти
Ат-Башыдагы мал базарга башка облус, район соодагерлери киргизилбей турган болду