Түштүк Кореянын өкмөт башчысы “Ала-Арчаны” аралап, комуз күүсүнө суктанды. Видео

Жазылуу
Ли Нак Ён Кыргызстанга үч күндүк расмий сапары менен келген.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён "Ала-Арча" жаратылыш паркында болуп, кадырлуу конок кыргыздын меймандостугуна күбө болду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Кол кармаша, асманды карап каткырган кыргыз-корей премьерлери - Sputnik Кыргызстан
Кол кармаша, асманды карап каткырган кыргыз-корей премьерлери. Фотофакт
Эки мамлекеттин өкмөт башчылары "Дилгир" элдик фольклордук ансамблинин өнөрүнө ортоктош болуп, аңчылар менен мергенчилердин атайын программасын көрүшкөн.

Мындан тышкары, меймандар боз үйгө кирип, кыргыз элинин улуттук суусундуктарынан ооз тийишти.

Эске салсак, Ли Нак Ён Кыргызстанга үч күндүк расмий сапары менен келген. Бул аралыкта кыргыз-корей форуму өтүп, аталган өлкөдөн келген 50 компаниянын өкүлдөрү кыргызстандык кесиптештери менен "В2В" форматында жолукту.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0