Бишкекте дрифт боюнча чемпионат учурунда автоунаа элди көздөй кирип кетти. Видео

2128
(жаңыланган 15:06 21.07.2019)
Бишкекте дрифт боюнча чемпионат учурунда автоунаа элди көздөй кирип кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын күбөсү билдирди.

Окуя 21-июль күнү "Жеңиш" аянтында болду. Кадрларда көрүнүп тургандай, айдоочу чукул бурулушта рулду башкара албай калып, эл турган тарапты көздөй кирип кетет.

Окуяга күбө болгон адамдын айтымында, жеринде нөөмөттө турган медиктер жабырлангандарга жардам көрсөттү. Бирок бир адамды ооруканага алып кетишти.

Тез жардам кызматынан аталган жерге чакыруу болуп, бир бригада кеткенин айтышты. Ошондой эле иш-чара учурунда ал жерде Тез жардам кызматын көрсөткөн жеке ишкананын медиктери нөөмөт кылып жатканы кошумчаланды. 

2128
Белгилер:
жол кырсык, тез жардам, дрифт, Бишкек
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (265)
Тема боюнча
Токтогулда автоунаалар бетме-бет кагышып, ата-бала ооруканага түштү. Сүрөт

Россиялык Су-27 АКШнын тыңчы учагын кайра кайтарды

361
Россиялык Су-27 истребители АКШнын эки тыңчы учагын Кара деңиздин нейтралдуу асманынан кармады. Россиянын Коргоо министрлигинен ПВО тыңчы RC-135 учагын жана АКШнын аскер деңиз күчтөрүнүн "Посейдон" Р-8А кайгуул базасына тиешелүү самолётун аныктагандыгын айтышты.

Бул бир ай ичиндеги экинчи учур. Россиялык учкучтар бир апта мурда Кара деңиз акваториясынан америкалык тыңчы-учакты кармаган. Чет элдик учактардын кантип кармалгандыгын биздин видеодон көрүңүз.

361
Белгилер:
учак, АКШ, Россия
Тема боюнча
Су-27 Балтика деңизинин үстүнөн учкан В-52H учактарын кармады. Видео

Молдовада кыргыздын боз үйлөрү коюлган лагерь пайда болду. Видео

367
Молдовада этнографиялык кыштакча пайда болуп, анын ичинде кыргыз боз үйлөрү коюлду. Көчмөндөрдүн үйү кандайча ал жакка жайгашканын Sputnik Молдова агенттиги тарткан видеодон көрүңүз.

Калараш аймагындагы экзотикалык лагерди молдовалык Лариса Амбросий менен кыргызстандык Анар Жолдон иштеп чыккан. Алар 20 жыл мурун Ирландияда таанышып, достошкон. Өткөн жылы күзүндө чыгыш маданиятын элге көрсөтүүнү пландаштырышкан.

Сүйүнчү! Ак калпакты жасоо өнөрү жана кийүү маданияты ЮНЕСКОго кирди

Эс алуучу жайдын аймагында анча оң эмес 12 боз үй коюлган. Лагердин менеджери Бектур Саламатов Молдова менен Кыргызстанды меймандостук бириктирип турарын белгилеген.

"Биз бул өлкөнүн жашоочуларына көчмөндөрдүн жашоо-турмушун, салт-санаасын жана маданиятын көрсөткүбүз келет. Молдова менен Кыргызстандын эли меймандос жана кичипейил келишет эмеспи", — деген Саламатов.

Кыштакка келгендер чыгыш маданиятынын элементи менен тааныша аларын кошумчалаган.
Боз үй — көчмөн элдеринин эң ыңгайлуу турак-жай курулушу. Ал оңой жана тез тигип-чечкенге ылайыкташкан, ат, төө жана дөңгөлөктүү унаа менен ташып көчүрүү оңой. Анын кийиз жабуулары суу өткөрбөйт жана шамалдан коргойт.

Боз үйдүн түзүлүшүн, курамдык бөлүктөрүн жана тигүү иретин Sputnik инфографикасынан караңыз.

367
Белгилер:
видео, лагерь, Боз үй, Кыргызстан, Молдова
Тема боюнча
Шымдары бир жылкыга бааланган. Кыргыздын эркектери кандай кийинген?
Жамгыр. Архив

Күндүн көзү ачылбайт... Бир жумага карата аба ырайы

10
Келе жаткан аптада өлкөнүн көп бөлүгү жаан-чачындуу болуп, кээ бир жерде катуу жаагандыктан сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, жуманын баш жагында нөшөрлүү жаан-чачын көп болуп, сел жүрүү коркунучтары жаралат. Андан кийинки күндөрү дагы жаан токтобойт.

Бишкекте 9-августта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 13-август күнү күндүз жаан жаашы мүмкүн. Калган күндөрү күн ачык болот. 9-13-август күндөрү Чүй жана Талас облустарында мезгил-мезгили менен, айрым жерлерде катуу жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ушул эле күндөрү Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Ал эми Ысык-Көлдө дагы келерки жумада жаан жаайт.

Ошондой эле Нарын облусунда күндүн көзү ачылбай, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт.

10
Белгилер:
жаан-чачын, аба ырайы, Кыргызгидромет
Тема боюнча
Сууга түшөрдө баланын жанынан карыш жылбаңыз! ӨКМдин ата-энелерге эскертүүсү
Чагылган тийүүдөн кантип сактануу керек. Адистердин кеңеши