Казакстандык аял 17 тонналык жүк ташуучу унааны сүйрөп кетти. Видео

200
(жаңыланган 10:54 23.07.2019)
Балбан Дарья Нестерова чоң унааны жалгыз сүйрөдү.

Sputnik Казакстан агенттигинин жазганына караганда, ал буга чейин жети тонналык жолтандабасты жана 22 тонналык трамвайды 50 жүргүнчүсү менен кошо ордунан жылдырган.

Дарья Нестерова — пауэрлифтинг жана жатып түртүү боюнча Азия чемпиону.

200
Белгилер:
күч, автоунаа, Казакстан
Тема боюнча
Сүйүнчү! Токио Олимпиадасына алгачкы лицензияны суучул Петрашов утуп алды
Казакстандык балбандын шумдуктуу трюктарынын видеосу

Индия: премьердин туулган күнүндө 100 шар жарылып кетип, адамдар жабыркады

147
(жаңыланган 13:00 22.09.2020)
Индияда бир боого байланган 100дөн ашык шар жарылып кетип, 30дай киши жабыркады. Учурда жабырлануучулар ооруканада жатат.

Окуя 17-сентябрь күнү Ченнай шаарында болгонун Times of India агенттиги жазды. Эл көчөдө премьер-министр Нарендра Модинин туулган күнүн белгилеп жаткан. Уюштуруучулар бир боого байланган 100дөй шардын жанында фейерверк аттырып, жыйынтыгында шарлар жарылып кеткен. Видеодон ошол маалда кадимкидей жалын чыгып кеткенин көрүүгө болот.

Кара түтүн менен кызыл жалын каптап... Бейрутта кайрадан өрт чыкты. Видео

Кырсыктан 30дай кишинин ар кайсы жери күйүп, ооруканага кайрылышты. Жергиликтүү бийлик мындай иш-чарага уруксат берилбегенин айтууда.

147
Белгилер:
жабырлануучу, жарылуу, Индия
Тема боюнча
Москвада көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, кыргызстандык жигит ооруканага түштү
Жарылуудан улам бир мамлекет жарыксыз калды. Теракт болгону айтылууда

Грузиядагы "Татыктуу өнөктөш-2020" аяктады. НАТО аскерлери өлкөдө эмне кылды

87
(жаңыланган 10:17 22.09.2020)
Грузияда "Татыктуу өнөктөш-2020" машыгуусу аяктады. Маневрларга катышуу үчүн 3 миңге чукул адам Польша, Франция, Улуу Британия, АКШ жана Грузиянын өзүнөн тартылды.

АКШнын Грузиядагы элчиси өлкөлөр биргелешкен күчтөр менен аскердик даярдыгын жакшыртып жана Кара деңиз аймагындагы коопсуздук абалды колдоо максатын көздөгөндүгүн айтышты. Бирок мындай билдирүүнүн артында эмне жатат? Эмне үчүн НАТО аскерлери окутуу жүргүзүүдө Грузияны тандап алган. Россия бул машыгуулар туурасында кандай ойдо? Суроолорго видеодон жооп алууга болот.

87
Белгилер:
Аскер, машыгуу, Кара деңиз, НАТО, Грузия, АКШ, Россия
Тема боюнча
"Аскердик күчтөр топтолуп...": Норвегияда эмне болуп жатат?
Лаборатория кызматкерлери. Архив

Казакстан коронавируска каршы вакцина чыгарып, ДССУда талапкер болуп катталды

0
(жаңыланган 21:13 22.09.2020)
Азыркы тапта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине Казакстандын COVID-19га каршы төрт вакцинасы катталганы айтылат.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Казакстан коронавируска каршы колдонулуучу вакцина иштеп чыгып, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна талапкер катары каттады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Аталган препарат ийнесиз колдонулуп, мурунга чачыла турганы белгиленет.

Иштеп чыгуу процессине катышып жаткан казакстандык профессор Кайсар Табынов учурда вакцина жаныбарларга сыналып жатканын билдирген.

Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат

Азыркы тапта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине Казакстандын COVID-19га каршы төрт вакцинасы катталганы айтылат. Анын ичинен үчөө клиникага чейинки сыноо стадиясында турса, бирөө ыктыярчыларга сынала баштаган.

0
Белгилер:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Казакстан, вакцина
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны биринчи кимдер алат
ДССУ COVID-19га каршы чыгарылып жаткан вакциналардын санын айтты