Кыргызстандыктар Жээнбековго жардам бериши керек. Путиндин пикири видеодо

Жазылуу
Кыргызстандыктар азыркы президентинин айланасына чогулуп, өлкөнүн өнүгүшү үчүн ага жардам бериши керек. Мындай пикирин Россия президенти Владимир Путин билдирди.

Ал Кыргызстандын мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен Кремлде жолукканын ырастап, ортодо эмне кеп болгонун да журналисттерге айтып берген

Эскерте кетсек, Атамбаев бир катар тарапташтары менен бүгүн, 24-июлда, ЖККУнун Канттагы авиабазасынан Москвага учуп кеткен. Ага чейин мурдагы президент бир катар жолугушуулар күтүлүп жатканын кабарлаган.

Путиндин айтымында, ал Атамбаев менен аймактагы абалды талкуулаган.

“Учурдагы жана мурдагы кесиптештерим менен баарлашууга дайым даярмын. Алмазбек Шаршенович менен аймактагы кырдаалды сүйлөштүк. Менин позициям белгилүү, ага дагы айттым. Кыргызстан башынан бир топ нерсе өткөрдү. Эми кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн ушуну менен токтоо керек”, — деди Путин.

Фуражка милиционера в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
ИИМ Атамбаевдин Россияга учуп кетиши боюнча үн катты
Президент журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстандын элин учурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековду колдоого чакырды.

“Өлкөгө саясий стабилдүүлүк керек. Эл азыркы президент Сооронбай Жээнбековго өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жардам бериши керек”, — деди Путин.

Ал Россия Кыргызстан менен кызматташуу жаатындагы бардык пландарды иш жүзүнө ашырууга кызыкдар экенин айтты.

“Чогуу жасай турган иштерибиз көп. Азыркы бийлик менен алардын баарын ишке ашырабыз деп ишенем”, — деди президент.

Алмазбек Атамбаев сапары 25-июлда аяктап, кечинде кайра эле Канттагы авиабазага келип конорун айткан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0