Бейиштин төрүндөй! Көк-Жайык жайлоосунун асмандан тартылган видеосу

Жазылуу
Кыргызстанда жаратылышы ажайып жерлер көп. Алардын бири — Жети-Өгүз өрөөнүндө жайгашкан Көк-Жайык жайлоосу. Бейиштин төрүндөй болуп көз жоосун алган кооздугун Sputnik Кыргызстан агенттиги видеого түшүрдү.

Ысык-Көлдөгү жайкы эс алуу - Sputnik Кыргызстан
Укмуш кооз экен, кеттик! Ысык-Көлдүн 13 эң мыкты жери
Көк-Жайык Бишкек шаарынан 410 чакырым алыстыкта. Жайлоону көрөм дегендер ал жакка болжол менен 5-6 саатта жете алат. Ал Жети-Өгүз өрөөнүндө жайгашкандыктан, жолдон "Жарылган жүрөк" тоосун, заңкайган жети кызыл жарды көрө кетүүгө болот.

Көк-Жайык жайлоосу асман тиреген карагайлардын көптүгү менен өзгөчөлөнүп турат. Шар аккан суу, таза аба - эс алууга сонун мүмкүнчүлүк. Мындан сырткары, жайлоонун төр жагында шаркыратма да бар. Ар жайда жайлоого боз үйлөрдүн конушу түшүп, жергиликтүү тургундар мал жайып, бээ байлашат. 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0