Чогулган эл Москвадан кайткан Атамбаевди кантип тосуп алды. Видео

Жазылуу
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда түштөн кийин Москвага учуп кеткен болчу.

Атамбаев 25-июлда кечке жуук ЖККУнун Канттагы авиабазасына келип конду. Аны тарапташтары авиабазанын чыга беришинен тосуп алды. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысынын жеринен билдиришинче, айрым кишилер колдоруна желек кармап алышкан. Андан сырткары, 70-80дей автоунаа да келген.

Атамбаев чогулгандар менен жолугуп, журналисттердин айрым суроолоруна жооп берди.

"Сапар байсалдуу, жакшы болду. Баары кудайга шүгүр", — деди ал.

Эске салсак, Атамбаев атайын жиберилген учак менен барып келди. Аны айрым депутаттар менен тарапташтары коштоп барган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда түштөн кийин Москвага учуп кеткен болчу.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0