Мас айдоочунун кырсыктагандан кийин качып баратып кармалган видеосу

Жазылуу
Окуя Ахунбаев менен Тыналиев көчөсүнүн кесилишинде 27-июлда болгон.

Түн ичинде автоунаасын мас болуп башкарып бара жатып жол кырсыкка кабылып, бирок ал жерден качып бара жаткан кишини милиционерлер кармаган. Бул окуяны баяндаган видеону окуянын күбөсү WhatsApp-каналга жиберген.

Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Алайда Daewoo Calos унаасы 26 метр бийиктеги жардан кулап кетти
Окуя Ахунбаев менен Тыналиев көчөсүнүн кесилишинде 27-июлда болгон.

Кадрдан кишинин жолдо бир жыгылып, бир туруп качып, ал эми артынан бир нече адамдын кууп келе жаткандыгын көрүүгө болот. Бир аздан кийин алар берки кишини кармаган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан (ЖКККББ) мындай факты болгондугун тастыкташты.

"Ford Focus Ахунбаев менен келе жатып, каршы тилкеге чыгып, аз жерден маңдайындагы Honda Stream менен кагышып кала жаздаган. Андан соң Ford Focus автоунаасынын 35 жаштагы айдоочусу трассадан чыгып, бетонду сүзүп, автоунаадан түшө калып качкан", — деп милициядан айтып беришти.

ЖКККББдан айдоочунун бул окуясын көргөн күбөлөр ошол жерден алыс эмес жерде жүргөн милицияга кабар бергендигин айтышты. Алар жетип келип, качып бара жаткан айдоочуну кармашкан. Медициналык текшерүү кишинин мас экендигин аныктаган. Кырсыктаган автокөлүк айып короого токтотулуп, факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0