Керемет эмес бекен! Ак өргөнүн бир мүнөттө көтөрүлгөн видеосу

Жазылуу
Боз үй — көчмөн элдердин эң ыңгайлуу турак-жайы. Анын тигилишин баары эле көрбөсө керек. Ажайып кооз жайлоодо, салттуу кийимдерди кийген үй-бүлө зыңкыйта боз үй көтөрүштү. Sputnik Кыргызстан агенттиги комуздун коштоосунда тигилген боз үйдүн ылдамдатылган видеосун сунуштайт.

Боз үй катуу шамалга жана жер титирөөгө туруштук бере алат. Ал жайкысын салкын, кышкысын жылуу. Көчмөн кыргыз эли өмүр бою боз үйдө чоңоюп, жашап келген. Анын кийиз, кооздуктарын аялдар даярдаса, жыгачын, ордун эркектер камдаган.

Боз үй экиге бөлүнөт. Сол тарабы эркектерге арналган эр жак болсо, оң тарабы эпчи жак деп аталат. Ал тарапта аялдардын гана оокаты орун алып, ашкана катары эсептелген. Ал эми төр — меймандар отурчу сыйлуу жер.

Боз үйдүн түзүлүшүн, курамдык бөлүктөрүн жана тигүү иретин Sputnik инфографикасынан караңыз>>

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0