Чөккөн балага алгачкы медициналык жардамды кантип туура көрсөтүү керек. Видео

Жазылуу
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чөгүп кете жаздаган балага биринчи медициналык жардамды кантип туура көрсөтүүнү баяндап берген ролик жарыялады.

Сактап калган кишинин ролунда фельдшер-куткаруучу Махабат Назарбекова болуп, Тез жардам келгичекти эмне кылыш керектигин айтып берди. Ал кантип жасалма дем алдырып, жүрөктүн тушун кантип туура укалоону түшүндүрдү.

Назарбекова бала сууга чөккөндө алып чыгып, бутунан кармап денесин ылдый кылып силккен таптакыр туура эместигин баса белгиледи.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0