Чөнтөктөн чыккан доллар. УКМК Абдыкалык Рустамовдун кармалган видеосун таратты

Жазылуу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашкандай, 30-июлда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов жана анын жардамчысы Арслан Ибраев 2000 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Видеодо атайын кызматтын өкүлдөрү кара шым, ак көйнөк кийген кишинин чөнтөгүнөн ак баракка оролгон долларларды алып чыгып жатканын көрүүгө болот.

Заместитель министра транспорта и дорог Азимкан Жусубалиев - Sputnik Кыргызстан
Тойдон түрмөгө карай. Жусубалиевге 520 миң доллар параны кантип беришкен?
Кармалган кызматкерлер чет элдик жаранга Ананьево айылындагы Ысык-Көл токой чарбасынын жер фондунан беш гектар жер берүү маселесин оң жагынан чечип берүү үчүн пара талап кылышкан. Аларды тинтүү учурунда ар биринин жанынан 1000 доллардан чыккан

Материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 325-беренеси менен ("Пара алуу") катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Кармалган кызматкерлер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0