Лифтке асылып калган инисин аман алып калган кыз. Стамбулдагы видео

Жазылуу
Habertürk порталы окуя Стамбулдун Башакшехир районунда болгонун билдирди. Үч бала көчөдөн ойноп келе жатып, үйүнө чыгуу үчүн лифтке түшүшкөн.

Автоунаанын педалын чаташтырган кыз кишилер отурган кеңсеге кирип кетти. Видео - Sputnik Кыргызстан
Автоунаанын педалын чаташтырган кыз кишилер отурган кеңсеге кирип кетти. Видео
Кадрдан көрүнгөндөй, беш жаштагы бала сыйыртмак чалынган жипти мойнуна тагып алып сүйрөп келе жаткан. Ал лифтке киргенде жиптин экинчи учу сыртта калат. Эшик жабылып лифт өйдө көтөрүлө баштаганда бала асылып калган. Бактыга жараша, улуу эжеси лифтти токтотуп калууга үлгүргөн. Андан соң инисин буттан көтөрүп мойнундагы жипти чыгарып куткарып калган.

Видео интернет айдыңына тарагандан кийин соцтармактын колдонуучулары кыздын токтоолугу жана эпчилдигине таң беришкен. Айрымдары балдардын ата-энелерине сын айтып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0