Кемпирдин колун толгогон милиционер. Кортеж өтөр маалда болгон окуянын видеосу

Жазылуу
Бишкектин чок ортосунда милиция кызматкери карыган аялдын колун толгоп, жолдон чыгарды. Окуя Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында болгон.

Окуяга күбө болгон жаран Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналына видео жөнөттү.

Шаардык милициянын маалымат кызматы окуя 31-июлда кортеж өтөр маалда болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Ага ылайык, аял жолду туура эмес жерден кесип өтүүгө аракет кылган.

"Коопсуздукту карап турган милиция кызматкерлери аялды жер алдындагы өтмөк аркылуу өтүүнү суранышкан, бирок ал жаалданып милиционердин бейджигин жулуп алган. Андан кийин аны жол четине алып чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин коё беришкен", — деп кабарлашты милициядан.

Аял да шашып жаткандыктан жолду туура эмес жерден кесип өтүүгө аракет кылганын моюндаган.

Милициянын алдын ала берген маалыматы боюнча, аял кызуу болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0