Кашы жарылган Шевченко, АКШда желбиреген кыргыз желеги. Беттештин толук видеосу

Жазылуу
UFC Russia уюмунун Youtube каналына кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко менен чехиялык спортчу Люси Пудилованын беттеши жарыяланды.

Чемпионка UFC Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко эжеси Антонинаны укмуштуудай жеңиши менен куттуктады
Кадрдан көрүнүп тургандай, биринчи раунддун жарымы анчейин натыйжалуу болгон эмес. Пудилова эки ирет чыканагы менен сокку узатып, жыйынтыгында Шевченконун кашы жарылып кетти. Ошол эле раундда чехиялык мушкер Антонинанын колунан чыгып, муунтууга жол бербей койду.

Биринчи раундда ишке ашыра албай калган ыкманы Шевченко экинчисинде колдонду. Рефери Пудилова белги бербегенинен улам көпкө чейин оюнду токтотпой турган. Натыйжада Антонинанын муунтуу ыкмасынан эсин жоготуп койгон чехиялык мушкерди эс алдырууга туура келди.

Бул кармашты уюштуруучулар турнирдин мыкты беттеши деп таап, эки спортчуга тең негизги сый акысынан тышкары 50 миң доллар ыйгарышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0