Кыргызстандык аскерлер катышкан Россиядагы танк биатлону. Түз эфир аяктады

Жазылуу
Бүгүн, 4-августта, Москва шаарынын четиндеги Алабино полигонунда Россия, Кыргызстан, Иран жана Армениядан чогулган танкачылар ат салышат. Ушул эле күнү Казакстан, Сирия, Монголия, Венесуэладан келген аскерлер да күч сынашмакчы.

Специальные тактические учения Сары-Таш — 2019 в Чон-Алае - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз жоокерлери Монголияда машыгып, ат марафонуна даярдык көрүүдө
Кыргызстандын курама командасы чүчү кулак кармап, колуна көк ок тийди. Анын негизинде мекендештер көк түстөгү аскер унаалары менен жарышат. Атамекендик команданын курамында үч экипаж болот.

Быйылкы АрМИ-2019 мелдешине 39 өлкөдөн чогулган 223 команда катышат. Алардын ичинен Абхазия, Иордания, Камбоджа, Конго, Мали, Куба, Мозамбик, Шри-Ланка менен Түштүк Осетия мамлекеттери биринчи жолу катышууда.

Ал эми Франция, АКШ, Словакия, Түркия жана Мексика иш-чарага өздөрүнүн байкоочуларын жиберишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0