Алсыраганын сездим. Антонина Шевченконун беттештен кийинки сөзү видеодо

Жазылуу
UFC мушкери Антонина Шевченко турнирден кийин беттеш тууралуу айтып, апасын туулган күнү менен куттуктады.

Ал 3-августтун кечинде (Кыргызстанда 4-августтун таңы) АКШнын Ньюарк шаарында чехиялык Люси Пудилова менен күч сынашты. Эң жеңил салмактагылар арасындагы беттеш UFC on ESPN 5 турниринин алкагында өттү.

Экинчи раундда Шевченко муунтуу ыкмасын колдонуп, натыйжада Пудилова эсин жоготуп койгон. Рефери таймашты токтотуп, Пудилованы эс алдырууга аргасыз болгон.

"Жеңгениме абдан кубанычтамын. Командама, спарринг-өнөктөштөрүмө, досторума ыраазычылык билдирем. Ушул жактан түз эле Уругвайга учабыз, Валентина бир жумадан кийин титулун коргойт. Ошол жактан көрүшөбүз!" — деди мушкер.

Алып баруучу мушкерден муунтуп жатканда атаандашынын эсин жоготуп койгонун сезген-сезбегенин сурады.

"Ооба, сездим. Уктум. Алсырап калды. Бирок рефери кийлигишпегенинен уланта бердим", — деди Шевченко.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Antonina La Pantera Shevchenko (@antoninapantera)

Сөзүнүн аягында жеңүүчү апасын туулган күнү менен куттуктады.

"Апа, биз сени жакшы көрөбүз. Беттешим жакты деп ойлойм", — деди ал.

Иш-чаранын уюштуруучулары Шевченко менен Пудилованын кармашын турнирдин мыкты беттеши деп таап, эки спортчуга тең 50 миң доллардан ыроолоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0