Кыргызстандык аскерлер экинчи болду. Россияда өткөн танк биатлонунан видео

Жазылуу
4-августта Москва шаарынын четиндеги "Алабино" полигонунда Кыргызстандын, Россиянын, Ирандын жана Армениянын командалары күч сынашып, кыргызстандыктар экинчи болду.

Кыргызстандын курама командасындагы үч экипаж көк түстөгү машина менен жарышка чыкты. Мелдеш баштан-аяк кандай өткөнүн "Звезда" телеканалы толук көрсөттү.

Международный чемпионат Танковый биатлон в Алабино - Sputnik Кыргызстан
"Танк биатлону – 2019". Кыргызстандын курамасы күчтүү тайпага түштү
Биринчи болуп Россиянын командасы келсе (18 мүнөт 55 секунд), экинчи орунду Кыргызстан (25 мүнөт 37 секунд) алды. Үчүнчү орунга Армениянын командасы татыса (29 мүнөт 43 секунд), акыркы орунду сегиз мүнөт кеч келген Ирандын командасы ээледи.

Быйылкы АрМИ-2019 мелдешине 39 өлкөдөн чогулган 223 команда катышууда. Алардын ичинен Абхазия, Иордания, Камбоджа, Конго, Мали, Куба, Мозамбик, Шри-Ланка менен Түштүк Осетия мамлекеттери биринчи жолу катышууда.

Ал эми Франция, АКШ, Словакия, Түркия жана Мексика иш-чарага өздөрүнүн байкоочуларын жиберген.

Жаңылыктар түрмөгү
0